Генеративдүү ЖИни колдонуу саясаты

Журнал илимий макалаларда генеративдүү жасалма интеллектти (ЖИ) колдонуу боюнча WAME жана Elsevier сунуштарын карманат.

ChatGPT, Gemini, Bing AI сыяктуу генеративдүү ЖИ системалары автор же соавтор деп эсептелбейт, анткени алар макаланын мазмуну үчүн укуктук же этикалык жоопкерчиликти ала албайт. Авторлук акыркы вариантты бекитүү, редакциялык комментарийлерге жооп берүү, маалыматтын тактыгын камсыздоо жана плагиаттын жоктугун кепилдөө мүмкүнчүлүгүн талап кылат, бул реалдуу изилдөөчүлөр катышканда гана мүмкүн болот. Текст жазууда ЖИ колдонуу тилин, стилин же структурасын жакшыртуу үчүн гана уруксат берилет. Авторлор кол жазманын  жаралыш булагына карабастан, анын бардык мазмуну үчүн толук жоопкерчиликти алышат.

Колдонулган факт так көрсөтүлүшү керек. Эгер ЖИ текстти түзүү же редактирлөө үчүн колдонулса, бул  «Ыраазычыдык» бөлүмүндө көрсөтүлүшү зарыл. Эгер ЖИ маалыматтарды талдоо, код жазуу, таблицаларды же визуалдаштырууну түзүүдө колдонулса, бул маалымат «Аннотация» жана «Материалдар жана методдор» бөлүмдөрүндө көрсөтүлүшү керек. Декларацияда инструменттин аты жана версиясы, суроо-талаптын тексти (prompt), ошондой эле системага кайрылган күн жана убакыт көрсөтүлүшү зарыл.

Сүрөттөрдү, фигураларды, графиктерди же графикалык аннотацияларды түзүү же редактирлөө үчүн ЖИ же ЖИ менен байланышкан инструменттерди колдонууга уруксат берилбейт. Бир гана учурда, мындай инструменттер изилдөөчүлүк методдун бир бөлүгү болгон учурда гана уруксат берилет, мисалы, биомедицина визуалдаштыруусу тармагында. Мындай учурда бул «Материалдар жана методдор» бөлүмүндө процессти түшүндүрүү менен, инструменттин атын, версиясын, өндүрүүчүсүн жана колдонуу техникалык мүнөздөмөлөрүн көрсөтүү керек.

Редакторлор жана рецензенттер баалоо же коммуникация процессинде ЖИ колдонгондо, бул фактты көрсөтүшү зарыл. Кол жазманын мазмунун авторлордун макулдугусуз киргизилип сакталган маалыматтары сырттагы инструменттерге берүү редакциялык процесстин купуялуулугунун бузулушу деп эсептелет. Редакция илимий адептүүлүктү жана макалаларга болгон ишенимди сактоо максатында ЖИ менен түзүлгөн же өзгөртүлгөн тексттерди жана сүрөттөрдү аныктоо үчүн инструменттерди колдонуу укугуна ээ.