Кол жазманы форматтоо талаптары

Евразиялык саламаттыкты сактоо журналынын редакциялык кеңеши төмөнкү типтеги макалаларды кабыл алат жана жарыялайт:

  • эмпирикалык макала – IMRAD түзүмүнө туура келген жана клиникалык сыноолор, бейтаптарды байкоо, анкета же баштапкы маалыматтарды берген эксперименттер сыяктуу баштапкы изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын камтыган илимий басылма. Бул типтеги макалалар талданган маалыматтардын түп нуска чечмеленишин камтышы керек;
  • рецензия же теориялык макала – медицинанын белгилүү бир тармагындагы учурдагы илимий изилдөөлөрдү жана басылмаларды системалаштыруу, сын көз менен талдоо жана жалпылоо максатын көздөгөн илимий басылма. Ал изилдөөлөрдүн учурдагы абалын, инновацияларды жана маанилүү тематикалык аспектилерди терең түшүнүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле келечектеги изилдөөлөр жана клиникалык практика үчүн сунуштарды камтышы мүмкүн;
  • оорунун баяндамасы – белгилүү бир клиникалык учурду же учурлардын сериясын деталдуу сүрөттөгөн илимий басылманын бир түрү. Бул типтеги макала диагнозду, дарылоону жана клиникалык изилдөөлөрдү андан ары түшүнүү үчүн пайдалуу болушу мүмкүн болгон уникалдуу же адаттан тыш медициналык сценарийлерге багытталган.

Структуралык элементтер


  Эмпирикалык макала Теориялык макала Обзордук макала Case report
Автордук маалыматтар Милдеттүү Милдеттүү Милдеттүү Милдеттүү
Макаланын аталышы Милдеттүү Милдеттүү Милдеттүү Милдеттүү
Аннотация Милдеттүү Милдеттүү Милдеттүү Милдеттүү
Ачкыч сөздөр Милдеттүү Милдеттүү Милдеттүү Милдеттүү
Киришүү Милдеттүү Милдеттүү Милдеттүү Милдеттүү
Адабияттарга обзор Каалоо боюнча Каалоо боюнча Каалоо боюнча Каалоо боюнча
Материалдар жана методдор Милдеттүү Кириш бөлүмүнүн аягында кыскача баяндалат Милдеттүү Милдеттүү
Жыйынтыктар Милдеттүү Темалык бөлүмдөр боюнча түзүлөт Темалык бөлүмдөр боюнча түзүлөт Милдеттүү
Талкуулоо Милдеттүү Темалык бөлүмдөр боюнча түзүлөт Темалык бөлүмдөр боюнча түзүлөт Милдеттүү
Жыйынтык Милдеттүү Милдеттүү Милдеттүү Милдеттүү
Ыраазычылык, каржылоо жана кызыкчылыктардын кагылышы Милдеттүү Милдеттүү Милдеттүү Милдеттүү

Колдонулган булактардын тизмеси

Милдеттүү Милдеттүү Милдеттүү Милдеттүү

Теориялык макаланын өзгөчөлүгү – «Материалдар жана ыкмалар» аттуу өз алдынча бөлүмдүн жоктугу. Анын ордуна изилдөөнүн кыска, бирок толук методологиясы «Киришүү» бөлүмүнүн акыркы абзацында баяндалат. Теориялык жана обзордук макалаларда “Жыйынтыктар жана талкуу” бөлүмүнүн ордуна темага ылайык аталыштары бар, ар бири кеминде беш сөздөн турган, жок дегенде эки өз алдынча тематикалык бөлүм каралышы керек. Акыркы өзгөчөлүк – колдонулган булактардын саны: мындай макалада кеминде 50 адабий булак (макалалар, китептер, диссертациялар ж.б.) камтылышы керек.


Техникалык талаптар


Жарыялоо тили English
Файл форматы MS Word (*.doc, *.docx)
Барактын багыты китеп түрүндө (вертикалдык)
Барактын форматы А4
Эмпирикалык макаланын көлөмү / обзордук же теориялык макаланын көлөмү / case report макаланын көлөмү

4000 сөздөн кем эмес / 4500 сөздөн кем эмес / 3000 сөздөн кем эмес

Шрифт Times New Roman
Талаа өлчөмү бардык жагынан 2 см
Сап аралык интервал 1,0
Шрифт өлчөмү 12 pt
Абзац интервал 1,0
Текстти тегиздөө барактын туурасы боюнча
Колдонулган адабияттар англис тилинде көрсөтүлүшү керек 

Таблицалар, сүрөттөр, графикалар жана формулалар:

  • Таблицалар, сүрөттөр, графикалар жана формулалар тексттеги шилтемеден кийин жайгашып, номер коюлушу керек (түшүндүрмө белгилери таблица/сүрөт/графиканын астына түздөн-түз жазылат) Бардык кыскартмалар текстте биринчи жолу колдонулганда толук түшүндүрүлүшү зарыл.
  • Формулалар Equation Editor редакторунда түзүлүшү керек, ал эми формулалардагы математикалык өзгөрмөлөр текст ичинде курсив менен терилет.
  • Сүрөттөр жана графикалар барактын ортосуна жайгаштырылат, текст менен капталынан жазылышына жол берилбейт.
  • Бардык физикалык чоңдуктардын өлчөм бирдиктери Эл аралык бирдиктер системасына (СИ) ылайык берилиши керек. Өлчөм бирдиги менен ага тиешелүү сан же символдун ортосунда боштук коюлушу зарыл.

Бөлүмдөрдүн мазмуну


УДК индекси сол жак четине жазылат
Макаланын аталышы 12 сөздөн ашпашы керек; барактын ортосуна тегизделет; кыргыз, англис жана орус тилдеринде берилет; бардык тамгалары чоң тамга менен, жарым-жоон (bold) шрифт менен жазылат
Автордук маалыматтар кыргыз, англис жана орус тилдеринде берилет; барактын ортосуна тегизделет; авторлордун аты жана фамилиясы толук түрүндө жазылат (тизме иретинде туура берилет)

Авторлор тууралуу маалыматта милдеттүү түрдө көрсөтүлүшү керек:

  • аты жана фамилиясы;
  • илимий даражасы жана кызмат орду;
  • автор иштеген мекеменин түзүмдүк бөлүмү;
  • мекеменин толук расмий аталышы жана укуктук дареги;
  • ORCID номери;
  • байланыш үчүн электрондук почта дареги.

Аннотация


Аннотация информативдүү болушу керек (жалпы сөздөрдү камтыбашы керек), түзүлүшү логикалык болушу керек (материал логикалык тартипте баяндалышы керек), мазмундуу болушу керек (маалымат төмөнкү схемага ылайык берилиши керек: актуалдуулук, максат, изилдөө ыкмалары, алынган жыйынтыктар, практикалык мааниси) жана көлөмү 200дөн 300 сөзгө чейин болушу керек. Аннотацияда кыскартмалар, түшүндүрмө цитаталар жана шилтемелер болбошу керек.


Ачкыч сөздөр


Изилдөөнүн темасына байланыштуу 5-7 сөз же сөз айкаштары берилет. Алар макаланын аталышын кайталабашы жана жалпы маанидеги сөздөрдөн турбашы керек.


Киришүү


Бул бөлүмдө каралып жаткан маселени дүйнөлүк деңгээлде учурдагы абалы боюнча баяндоо керек. Акыркы 3-5 жылдагы тиешелүү илимий булактарга таянуу менен акыркы изилдөөлөр жана жарыялар анализделет (7-10 булак сунушталат). Бул жерде теманын актуалдуулугу, изилдөөнүн максаты, милдеттери жана илимий жаңычылдыгы негизделет. Адабияттарга шилтемелер квадраттуу кашааларда көрсөтүлөт. Бир шилтемеде үчтөн ашык булакты келтирүүгө болбойт. Бөлүмдүн милдеттүү структуралык элементтери:

  1. Изилдөөнүн актуалдуулугу
  2. Илимий булактардын талдоосу
  3. Изилдөөнүн максаты

Материалдар жана методдор


Бул бөлүмдө илимий иштин негизги этаптары баяндалат жана изилдөөнүн жаңы илимий натыйжаларын алууга багытталган методдорду, ыкмаларды, мамилелердин жана аракеттердин тандоо негизделет. Изилдөөнүн жаңы илимий жыйынтыктарын алуу үчүн кандай жол-жоболор колдонулгандыгы түшүндүрүлөт. Тандоону түзүүнүнү  стратегиялары менен критерийлери түшүндүрүлөт (эгер макала эмпирикалыкбөлүмдү камтыса), изилдөөнүн эксперименталдык базасы көрсөтүлөт. Бул бөлүмдө берилген методология изилдөөнүн жүрүшүн толук түшүндүрүшү зарыл, анткени башка илимпоздор дал ошол эле материалдар жана ыкмалар менен изилдөөнү кайра жүргүзө алышы керек. “Материалдар жана методдор” бөлүмү эмпирикалык иштин милдеттүү бөлүгү болуп саналат.


Натыйжалар 


Бул бөлүмдө изилдөөнүн негизги материалы алынган илимий натыйжаларды толук негиздөө менен берилет. Таблицалар жана графиктер маалыматтарды милдеттүү түрдө статистикалык иштетүүнүн жыйынтыктары менен көрсөтүлөт. Булактар таблицалардын жана сүрөттөрдүн астында көрсөтүлөт. Таблицаларда жна графикалык материалдарда берилген маалыматтардын текстинде баалоочулук пикирден, методиканын элементтерин баяндоодон жана түздөн-түз кайталоодон качуу керек. Сандык жыйынтыктар орточо каталыкты, ишенимдүү интервалды же чоңдуктардын бөлүштүрүлүшүн эске алуу менен, иштелген эрежелерге ылайык тегеректелиши керек, Изилдөөнүн натыйжалары толук негизделген, методологиялык жактан туура берилген, жаңычылдыктарды камтыган жана практикалык мааниге ээ болушу керек.


Талкуу


Талкуу изилдөөнүн жыйынтыктарынын интерпретациясына негизделет. Буд бөлүмдө өз натыйжаларыңарды башка авторлордун ошол темадагы иштери менен салыштыруу керек: кандай жалпы жыйынтыктар бар, кандай айырмачылыктар бар, ким проблематиканын башка аспектилерин караган ж.б.  Өз изилдөөңдүн жыйынтыктарын Кыргызстандык авторлордун  изилдөөлөрү менен гана эмес, башка өлкөлөрдүн илимпоздорунун эмгектери менен да салыштыруу зарыл. Тема боюнча жарыяланган макалаларды талдоодо авторлордун фамилиялары жана алардын ишинин мазмуну көрсөтүлүшү керек.


Корутундулар


Корутундулар изилдөөнүн натыйжаларын толук жана так чагылдырыш керек, макаладагы максатка жана аталышына жооп бериши зарыл. Аннотациядан сөзмө-сөз кайталоо болбойт. Тандалган теманы андан ары изилдөөлөрдүн перспективаларын көрсөтүү маанилүү.


Ыраазычылык


Бул бөлүм милдеттүү болуп саналат, анда изилдөөгө техникалык жардам, идеялардан же каржылык (материалдык) колдоо көрсөткөн адамдарга же уюмдарга ыраазычылык билдирилет. Эгер ыраазычылык көрсөтүлө турган тараптар жок болсо, анда көрсөтүлөт "Жок"


Каржылоо


Бул бөлүмдө авторлор изилдөөнү жүргүзүү үчүн алынган бардык каржылык булактарды көрсөтүшү керек. Эгер каржылык колдоо жок болсо, анда көрсөтүлөт: “Жок”.


Кызыкчылыктардын кагылышы


Авторлор кызыкчылыктардын кагылышынын бардык потенциалдуу булактарын толук ачык көрсөтүшү керек.  Автордун объективдүүлүгүнө таасир эте турган деп кабыл алынуучу кайсы гана каалаган кызыкчылык же мамиле болбосун кызыкчылыктардын кагылышы болп саналат. Алар макалада сүрөттөлгөн иш менен тике жана түздөн-түз байланышкан учурда ачык көрсөтүлүшү зарыл. Кызыкчылыктардын кагылышы макаланын жарыялануусуна тоскоол болбойт. Эгер авторлордун кызыкчылыктарынын кагылышы жок болсо, анда бул жөнүндө билдириши жана “Кызыкчылыктардын кагылышы” бөлүмүндөгү арызда көрсөтүшү керек. Автор-корреспондент макаланы берүүдө бардык авторлорду бул саясат менен тааныштыруу жана бардык тиешелүү коммерциялык жана башка байланыштарды ачык көрсөтүү жоопкерчилигин алат. Макала тапшырылганда же рецензиялоо процессинде кызыкчылыктардын кагылышынын ачылбагандыгы аныкталса, кол жазма кабыл алынбай калышы мүмкүн. Тиешелүү бөлүмдө кызыкчылыктардын кагылышы жок болсо көрсөтүлөт: “Жок”.


Колдонулган адабияттардын тизмеси


Тексттеги шилтемелер колдонулган тартипте берилиши керек жана төрт буочтук кашаадагы сандар менен белгиленет, мисалы: «A. Asanaliiev [1] белгилегендей...». Бир эле булакка кайрадан  кайрылганда ирээтик номер өзгөрбөйт. Бир цитатада үчтөн ашык булак колдонулбайт. Бир автордун же басылманын экиден ашык иши цитаталанбайт, Scopus индексинде болсо – бешке чейин уруксат берилет.

Адабияттардын тизмеси англис тилинде түзүлөт (транслитерацияга жол берилбейт) жана Vancouver Citation Style боюнча форматталат.

 

ПРИМЕР ОФОРМЛЕНИЯ СТАТЬИ

 

ПРИМЕР ОФОРМЛЕНИЯ СПИСКА ЛИТЕРАТУРЫ