Дооматтарды кароо саясаты

Редакциялык коллегия зарыл болгон учурда бардык даттанууларга оперативдуу жана конструктивдуу жооп берет. «Евразиялык саламаттыкты сактоо журналынын» редакциялык коллегиясы ар бир жеке даттанууну анын табиятына жана татаалдыгына жараша карап чыгат жана кабыл алынган чечим Жарыялоо этикасы боюнча комитеттин (COPE) сунуштарын эске алат.


Сунуштар же даттануулар журналдын info@health-ksma.com электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек. Бардык билдирүүлөр 30 иш күндүн ичинде каралат. Бирок, арыздын татаалдыгына жараша маселени чечүү үчүн талап кылынган убакыт узартылышы мүмкүн.


Арыз кыска, конкреттүү болушу керек жана журналдын жарыялоо этикасынын ар кандай мүмкүн болуучу бузулушун көрсөтүү үчүн жетиштүү маалыматты камтышы керек. Мүмкүн болсо, белгилүү бир дооматты колдоо үчүн кошумча документтерди көрсөтүү зарыл.


Журналдын компетенциясына кирбеген даттанууларга (мисалы, авторлорго, редакторлорго, рецензенттерге же журналдын редакциялык кеңешине жеке даттануулар) даттануу журналдын ыйгарым укуктарынын чегинен тышкары деп табылган себептерди көрсөтүү менен жооп берилет. Андан тышкары, даттануулар кемсинтүү, коркутуу же жалаа жабуу иретинде берилсе, журнал тийиштүү иликтөө жүргүзүүдөн баш тартат.