Аннотация
Изилдөөлөр баш сөөк мээ жаракаты менен дарыланган 198 оорулууну талдап чыктык. Изилдөө үчүн обочолонгон жаракаттык баш сөөк ичиндеги (эпидуралдык, субдуралдык, мээ ичиндеги) же алардын ар түрдүү айкалышы менен болгон кан куюлуулары бар оорулуулар тандалып алынган. Бул изилдөөдө 130 (65,7%) эркек жана 68 (34,31%) аял болгон. Оорулуулардын орточо жаш курагы 15 жаштан 81 жашка чейин өзгөрүлүп, 48,2±4,3 жашты түзгөн. Натыйжалар. Жаракаттык баш сөөк ичиндеги кан куюлуулар көп учурда транспорттук (74 байкоо – 37,4%) жана тиричиликтеги (69 байкоо – 34,8 %) жаракаттарда кездешкен. Тез жардам линиясы боюнча 110 оорулуу (55,6%) клиникага жеткирилген. 34 (17,1%) оорулууда жаракат мас абалында алынган. Булар көп учурда тиричиликтеги жаракат болгон. Хирургиялык кийлигишүүлөрдүн жана консервативдүү дарылоонун оптималдык мөөнөттөрү жана ыкмалары жарааттык баш-сөөк ичиндеги кан куюлуулардын жайгашуусуна, көлөмүнө жана бейтаптын неврологиялык функцияларынын компенсация деңгээлине таянаары далилденген. Корутунду. Жарааттык баш-сөөк ичиндеги кан куюлууларды дарылоодогу хирургиялык жана консервативдүү ыкмалардын натыйжаларына таасир этүүчү жагымсыз факторлор катары курч мезгилдеги орой декомпенсация фазасы, мээнин ичиндеги жайгашуусу жана доминанттык жарым шарда орун алуусу табылган.
Негизги сөздөр
баш-сөөк ичиндеги жарааттык кан куюлуулар, эпидуралдык гематома, субдуралдык гематома, мээ ичиндеги гематома, хирургиялык дарылоо, консервативдик дарылооЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар