Аннотация
Covid-19 пандемиясы учурунда жаш курактагы эркек адамдардын эмгек жөндөмдүүлүгүнүн калыбына келүү убактысын аныктоо максатында өткөрүлгөн изилдөөгө кырк студент жана Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын кырк спортчусу өз ыктыяры менен катышышты. Катышуучуларга велоэргометр аппаратында 50, 75, 100 Ватт физикалык күч жүктөлгөн жана алардын гомеостаз көрсөткүчтөрү өлчөнгөн. Жыйынтыгында 100 ватт физикалык күч жүктөлгөндө, Covid-19 оорусу менен ооруган студенттердин сатурациясы SPO2=94,4±1,53, ал эми оорубаган студенттердики SPO2=97,7±0,30 (р<0,05), ооруган спортчулардыкы SPO2=97,4±0,40, ал эми оорубаган спортчулардыкы SPO2=98,1±0,21 (р>0,05) көрсөттү. Ушул физикалык күч жүктөлгөндө, ооруган жана оорубаган спортчулардын сатурация деңгээлинин айырмачылыгы байкалган жок. Гомеостаздык көрсөткүчтөр боюнча эмгекке болгон жөндөмдүүлүгүнүн калыбына келиши ооруган студенттердики 10 мүнөт, ал эми оорубаган студенттердики 5 мүнөт, ооруган спортчулардыкы 5 мүнөт, ал эми оорубаган спортчулардыкы 3 мүнөттү түздү.
Негизги сөздөр
спортчулардын жана студенттердин эмгек жөндөмдүүлүгүнүн калыбына келүү убактысы, велоэргометр, Covid-19 пандемиясыЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар