Аннотация
Бул макалада акромиалдык акыректин учунун чыгып кетүүсүнүн хирургиялык дарылоодогу клиникалык тажрыйбасы талкууланат. Заманбап импланттардын өнүгүшүнө, хирургиялык техниканын өркүндөшүнө карабастан, бүгүнкү күндө канааттандыраарлык эмес натыйжалардын саны жогору бойдон калууда. Бул изилдөөнүн максаты акромиялдык акырек муундун жаракаттарын дарылоонун натыйжаларын электро-оптикалык түтүктүн көзөмөлүндө коракоид – акыректик байламталарды калыбына келтирүү аркулуу жакшыртуу болуп саналат. Изилдөө топторундгы бардык 13 бейтапка орто деңгээлдеги стационарда акырек сөөгүнүн сынуусунан операция жазалган. Авторлор электро-оптикалык башкарууну колдонуу менен акромиалдык жана коракоиддик процесстер аркылуу корако акромиалдык байламталарды минималдуу-инвавиздик калыбына келтирүү ыкмасын сунуш кылышкан. Сунушталган ыкманын натыйжалуулугун баалоо үчүн Констант шкаласы, ал эми ооруну аныктоо үчүн визуалдык аналогдук шкала (ВАШ) колдонулган. Изилдөө жүргүзгөн топтордогу натыйжа бейтапты эрте активдештирүү, стационарда болуу мөөнөтүн 4 күнгө кыскартуу, эрте реабилитациалоо жана толук айыккандыктан сунушталган ыкманын жогорку натыйжалуулугун көрсөттү. Сушушталган ыкма биздин өлкөнүн травматологиялык жана ортопедиялык кызматы үчүн колдонмо болуп саналат.
Негизги сөздөр
акырек сөөктун тайышы, акыректин тарамышын кайра жасоо, остеосинтез, электрондук оптикалык өзгөрткүчЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар