Том 14, № 1, 2022 / Барактар 37-44

ГИПОФИЗДИН АДЕНОМАСЫНАН ЖАБЫРКАГАН БЕЙТАПТАРДЫН НЕЙРООФТАЛЬМОЛОГИЯЛЫК СИМПТОМАТИКАСЫНА САЛЫШТЫРМА ТАЛДОО

Аннотация

Гипофиздин аденомасынан жабыркаган 170 бейтаптар изилденген. Изилденгендердин ичинде эркектер – 72 (42,4%), аялдар – 98 (57,6%). Жабыркагандардын жаш курагы 14 ден 74 жашка чейин. Алгачкы жолу маанилүү клиникалык материалда гипофиз аденомасы бар бейтаптарда нейроофтальмологиялык симптоматиканын шишиктин жайгашуусунан, өсүү өзгөчөлүгүнөн, көлөмдүү түзүмдүн өлчөмүнөн көз карандылыгы статистикалык ишенимдүү экендиги айкындалды. Алгачкы жолу эндосупраселлярдык гипофиз аденомасын ар кандай хирургиялык ыкмалар менен алуудан кийнки нейроофтальмологиялык симптоматиканын динамикасы окшош тайпалардагы бейтаптарда салыштыруу аркылуу изилденген. Хирургиялык дарылоодон кийинки көрүү функцияларынын динамикасынын шишиктин мүнөзүнөн жана көрүү бузулууларынын операцияга чейинки айкындыгынан, ошондой эле көрүү бузулууларынын стадиясынан көз карандылыгына талдоо жасалган. Көрүү функцияларынын эрте жана алыскы операциядан кийинки мезгилде начарлоого алып келүүчү факторлор аныкталган.

Негизги сөздөр

гипофиздин аденомасы, кѳз нервинин диски, кѳз түпкүрү, кѳрүү функциясы, транскраниалдык хирургия, эндоскопиялык транссфеноидалдык хирургия

Цитаталоо

APA Style
E., E., Yrysov, K. & Mamaziyaeva, N. (2022). COMPARATIVE ANALYSIS OF NEUROOPHTHALMOLOGICAL SYMPTOMOLOGY IN PATIENTS WITH PITUITARY ADENOMAS . Eurasian Health Journal, 14(1), 37-44. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2022_1_37
Copied!
Vancouver Style
E., E., Yrysov, K., Mamaziyaeva, N.. COMPARATIVE ANALYSIS OF NEUROOPHTHALMOLOGICAL SYMPTOMOLOGY IN PATIENTS WITH PITUITARY ADENOMAS . Eurasian Health J. 2022;14(1):37-44. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2022_1_37
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар