Аннотация
Бул макала, тиштер тез жешилгенде колдонгон керамика, металлокерамика протездеринин клиникалык жана технологиялык дарылоо ыкмаларынын ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳ арналган. Бул протездерди колдонуудагы кѳрсѳтмѳлѳрү, каршы кѳрсѳтмѳлѳрү жана кѳз каранды болгон факторлор- тиштер жешилгендеги формасы, даражасы, таркалышы, тиштердин катарынын акыбалы, прикустун түрү, бет-жаак муунунун, бүткүл дененин акыбалы жана башкалар. Керамикага, металлокерамикага тиштерди даяардоодогу, калыбын алган учурдагы клиникалык ѳзгѳчѳлүктүрү кѳрсѳтүлгѳн. Заманбап (CAD-CAM, CEREC-3, ыссык басымдоо) технологиялар менен керамика материалдан жасалган протездери жѳнүндѳ жазылган. Керамика, металлокерамика протездеринин жетишкен жана жетишпеген жактары белгиленген.
Негизги сөздөр
тиштердин тез жешилиши (патологиялык), керамика, металлокерамика протездери, көрсөтмөлөрү, каршы көрсөтмөлөрү, жасоо ыкмаларыЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар