Аннотация
Бишкек шаарында жеке стоматологиялык клиникада тиштин гиперестезиясына (сезгичтигине) даттануу менен кесипкөй тишти агартуу процедурасынан өткөн 20-50 жаш курактагы бейтаптарга клиникалык изилдөө жүргүзүлгөн. Бейтаптар 3 топко бөлүнгөн: биринчи топ тиштин гиперестезиясы менен 7 бейтап, аларга тишти 2% натрий фториди эритмеси менен каптоо жүргүзүлгөн, экинчи топ 8 бейтаптан турган, аларды дарылоо электрофорездин жардамы менен 10% кальций глюконаттын аппликациясын камтыган жана үчүнчү топ 10 бейтап, мында комплекстүү дарылоо аппликацияны жана ооз көңдөйүн «Антоксид» дары каражаты менен чайкоону камтыган. Мында «Антоксид» дарылык-стоматологиялык каражаты колдонулган топто жакшы жыйынтыктар далилденген.
Негизги сөздөр
тиштин гиперестезиясы, тиштерди агартуу, Федоров-Володкина индекси, тиштин гиперестезиясынын таралуу индекси, тиштин гиперестезиясынын интенсивдүүлүк индексиЦитаталоо
APA Style
Kuttubaeva, K., Abaskanova, P. & Bekturova, B. (2022). COMPARATIVE ANALYSIS OF MODERN METHODS OF TREATMENT OF HYPERESTHESIA AFTER TEETH WHITENING. Eurasian Health Journal, 14(2), 120-126. https://doi.org/10.54890/1694-6405
Copied!
Vancouver Style
Kuttubaeva, K., Abaskanova, P., Bekturova, B.. COMPARATIVE ANALYSIS OF MODERN METHODS OF TREATMENT OF HYPERESTHESIA AFTER TEETH WHITENING. Eurasian Health J. 2022;14(2):120-6. https://doi.org/10.54890/1694-6405
Copied!
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар