Том 14, № 3, 2022 / Барактар 85-91

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА СТОМАТОЛОГИЯ ТАРМАГЫНДА КОЛДОНУЛУУЧУ САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯНЫН ТАРКАЛЫШЫ ЖАНА АЛАРДЫН КОЛДОНУЛУШУ

Аннотация

Макалада азыркы убакытта заманбап талаптарга жооп бере турган стоматология тармагында колдонулуучу ар түрдүү санариптик жабдыктардын пайдаланылышы жɵнүндɵ изилдɵɵлɵр баяндалып кɵрсɵтүлгɵн. Изилдɵɵнүн негизги максаты санариптештирилген жабдыктардын Кыргыз Республикасындагы стоматологиялык эмканаларда кенири таркалышы жана алардын пайдаланылышынын учурдагы акыбалын аныктоого багытталган. Изилдөөлөрдүн негизинде 8 жеке стоматологиялык клиникаларда дарылоо учурунда санариптик технологияны колдонуу, 5 мамлекеттик стоматологиялык эмканаларга караганда кеңири жайылганы аныкталган. Ошондой эле 6 мамлекеттик тиш жасоочу лабораторияларда санарип жабдыктары жок болгон, ал эми 6 жеке тиш жасоочу лабораториялар тиш протездерин жасоодо заманбап санариптик технологиялар менен иштегени аныкталган. Стационардык нур диагностикалык аппараттары мамлекеттик жана жеке менчик мекемелерде бирдей абалда кездешкен.

Негизги сөздөр

CAD/CAM - технологиясы, ортопантомограф, компьютердик томограф, санариптик стоматология, 3d-басылмасы

Цитаталоо

APA Style
Baktybekov, S. & Kalbaev, A. (2022). PREVALENCE AND USE OF DIGITAL TECHNOLOGY APPLIED IN THE FIELD OF DENTISTRY IN THE KYRGYZ REPUBLIC. Eurasian Health Journal, 14(3), 85-91. https://doi.org/10.54890/1694-6405
Copied!
Vancouver Style
Baktybekov, S., Kalbaev, A.. PREVALENCE AND USE OF DIGITAL TECHNOLOGY APPLIED IN THE FIELD OF DENTISTRY IN THE KYRGYZ REPUBLIC. Eurasian Health J. 2022;14(3):85-91. https://doi.org/10.54890/1694-6405
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар