Аннотация
Пародонттук ткандардын сезгенүү ооруулары негизги стоматологиялык ооруулардын арасында экинчи орунду ээлейт. Аллергиялык реакцияны пайда кылбаган айкын бактерияга жана сезгенүүгө каршы касиеттери бар жаңы, эффективдүү дарыларды иштеп чыгуу жана пародонтологдун практикасына киргизүү стоматологиядагы маанилүү ошондой эле актуалдуу маселе болуп саналат. Чай дарагынын майына негизделген фитопрепаратты виниллин менен айкалыштырууда пародонттун сезгенүү оорууларын комплекстүү дарылоодо жергиликтүү дарылоо катары эффективдүү колдонсо болот. Аткарылган иштердин талдоосу узакка созулган чай дарагынын майын колдонгондон кийин пациенттердин пародонталдык көрсөткүчтөрү олуттуу жакшырганын айкындады. Бул дары каражатын жергиликтүү дарылоо режимине киргизүү дарылоонун узактыгын тездетет жана реабилитациялык мезгилди узартат.
Негизги сөздөр
пародонттун сезгенүү оорусу, чай дарагынын майынын узакка созулган таасири, пародонталдык көрсөткүчтөр, тандоо ыкмасыЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар