Аннотация
Калыптанган тиштешүүдө тиш-жаак аномалияларын жана деформацияларын оңдоо үчүн комплекстүү ортодонтиялык дарылоо жүргүзүлөт, мында жылдырылуучу тиштердин аймагында сөөк тканы жергиликтүү түрдө алсыратылып, анын пластикалуулугу жогорулайт. Бул үчүн төмөн жыштыктагы ультраүн натыйжалуу болуп саналат. 60 кГц жыштыктагы үзгүлтүксүз, импульстук жана модуляцияланган ультраүндүн таасиринен кийин тажрыйбалык жаныбарлардын жаак сөөгүнүн ткандарындагы өзгөрүүлөр берилген. Ар кандай ортодонтиялык патологиясы бар бейтаптарды дарылоо төмөн жыштыктагы ультраүндүн ар түрдүү параметрлерин колдонуу менен предактивдүү мезгилде сөөк ткандарын алдын ала даярдоо аркылуу жүргүзүлгөн.
Негизги сөздөр
төмөн жыштыктагы ультраүн, сөөк тканы, ортодонтия, тиштердин жылышыЦитаталоо
APA Style
Ostapovich, А. & Ivashenko, S. (2022). EFFECT OF LOW FREQUENCY ULTRASOUND ON BONE PLASTICITY. Eurasian Health Journal, 14(3), 116-123. https://doi.org/10.54890/1694-6405
Copied!
Vancouver Style
Ostapovich, А., Ivashenko, S.. EFFECT OF LOW FREQUENCY ULTRASOUND ON BONE PLASTICITY. Eurasian Health J. 2022;14(3):116-23. https://doi.org/10.54890/1694-6405
Copied!
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар