Аннотация
Изилдѳѳнүн максаты – жасалган катаракта факоэмульсификациясынын сапатын баалоо үчүн жѳнѳкѳй жана универсалдык сурамжылоочу курал иштеп чыгуу болуп саналган. Кароодо 48 жаштан 85 жашка чейинки курактык катарактасы бар 69 оорулуу болгон. Алардын баарына торикалык интраокулярдык линзанын имплантациялануусу менен катарактанын факоэмульсификациясы жасалган. Жасалган операциянын сапатын баалоону оорулуулар, ошондой эле, кѳрүү курчтугунун кѳрсѳткүчтѳрүнѳ негизделип, авторлор тарабынан иштелип чыккан сурамжылоочу куралды колдонуу менен атайын адистер жүргүзүшкѳн. Операциядан кийинки биринчи күнү кѳрүү курчтугунун орточо кѳрсѳткүчү – 0,85±0,18 болсо, бир айдан кийинки кѳрсѳткүч 0,93±0,11 болгон. Оорулуулардын ѳздѳрү кѳпчүлүк учурда (тактап айтканда 94,3% жана 94,2%) жасалган операциянын сапатын 4 жана 5 баалары менен баалашкан. Жасалган катаракта факоэмульсификациясын кѳз каранды эмес адистер да орточо 5 баллга баалашкан, тактап айтканда 72,5% жана 68.1%га барабар. Иштелип чыккан сурамжылоочу куралдар колдонууда жѳнѳкѳй жана ыңгайлуу болуп эсептелишет.
Негизги сөздөр
катаракта, факоэмульсификация, торикалык интраокулярдык линзалар, операциянын сапатын балооЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар