Аннотация
Адабият серебинде орто муундагы калктын жаш чекиттеринин анатомия-морфологиялык түзүлүшү жана патологиялык өзгөрүүлөрү каралган. Алардын ичинен көпчүлүк учурда кездешүүчү патология болуп жаш чекиттеринин ичкерүүсү эсептелет. Жаш чекиттеринин ичкерүүсүнүн себептери, келип чыгуу жолдору жана ар түрдүү классификациясы, ошондой эле алардын аныктоо ыкмалары берилген. Мындай патология дарыларды жердик же жалпы түрдө колдонуунун, ар кандай инфекциялардын, көз жапкактарынын инволюциялык өзгөрүүлөрдөн улам келип чыккан туура эмес жайгашуусунун, кээ бир травмалык жаракаттардын жана шишик ооруларынын кесепетинен келип чыгуусу мүмкүн. Жаш чекиттеринин ичкерүүсү – жаштын агып чыгуу аппаратынын баштапкы бөлүмүнүн эң көп кездешүүчү патологияларынын бири катары саналганы экендигине карабастан, жетишээрлик деңгээлде изилденген эмес.
Негизги сөздөр
жаш чекиттери, жаш агуу, ичкерүү, стеноз, оптикалык когеренттик томографияЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар