Том 14, № 4, 2022 / Барактар 28-37

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АР ТУРДУУ РАЙОНДОРУНДА МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН ДЕН СООЛУГУНУН АБАЛЫНЫН САЛЫШТЫРМАЛУУ ГИГИЕНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ

Аннотация

Макалада бийик тоолуу аймактарда (Нарын ш. – деңиз деңгээлинен бийиктиги 2500 м ден ашык) жашаган шаардык балдардын жана мектеп жашындагы өспүрүмдөрдүн (7-17 жаш), ошондой эле жапыз тоолуу аймактардагы (Бишкек ш. – деңиз деңгээлинен 1500 м ден ашпаган бийиктик). Мектеп окуучуларынын денсоолугунун абалынын негизги көрсөткүчү катары физикалык өнүгүүсүн аныктоо боюнча илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары берилген. Дененин узундугунун жана салмагынын антропометрикалык көрсөткүчтөрү (жынысы жана жашы боюнча), ошондой эле Кыргыз Республикасынын ойдуң жана бийик тоолуу райондорундагы шаардык мектеп окуучуларынын жалпы ооруга чалдыгуусунун структурасы изилденген. Бишкек шаарынын мектеп окуучуларынын боюнун узундугунун жана дене салмагынын орточо арифметикалык көрсөткүчтөрү Нарын шаарындагы мектеп окуучуларынын боюна жана дене салмагына салыштырганда бардык жаш топторунда бир кыйла жогору. Антропометрикалык көрсөткүчтөрдүн изилденген маалыматтары Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу аймагындагы мектеп жашындагы балдардын (7-17 жаш) физикалык өнүгүүсүнүн стандарттарын иштеп чыгууда колдонулган.

Негизги сөздөр

мектеп окуучулары, ден соолуктун абалы, физикалык өнүгүү, дененин узундугу жана салмагы, жалпы оорууга чалдыгуу, жапыз жана бийик тоолуу аймактар

Цитаталоо

APA Style
Kochkorova, F., Atambaeva, R., Mingazova, E., Amanova, Zh. & Shatmanov, А. (2022). COMPARATIVE HYGIENIC CHARACTERISTICS OF THE STATE OF HEALTH OF SCHOOLCHILDREN IN DIFFERENT REGIONS OF THE KYRGYZ REPUBLIC. Eurasian Health Journal, 14(4), 28-37. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2022_4_28
Copied!
Vancouver Style
Kochkorova, F., Atambaeva, R., Mingazova, E., Amanova, Zh., Shatmanov, А.. COMPARATIVE HYGIENIC CHARACTERISTICS OF THE STATE OF HEALTH OF SCHOOLCHILDREN IN DIFFERENT REGIONS OF THE KYRGYZ REPUBLIC. Eurasian Health J. 2022;14(4):28-37. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2022_4_28
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар