Аннотация
Бул макалада республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунан алынган маалыматтардын негизинде сырткы таасирлердин себебинен өлүмгө дуушар болгондордун кездешүүсү жана структурасы боюнча иликтөө жүргүзүлүшү баяндалды. Иликтөөнүн негизинде төмөнкулөр аныкталды: 2019-2021-жылдардын аралыгында жалпысынан КР Саламаттык Сактоо Министрилигинин РСМЭБнун маалыматы боюнча 3956 өлүк изилденген. Ошолордун 855-и сырткы таасирлердин негизинде каза тапкан. Сырткы таасирлердин негизинде өлүмгө туш болгондордун эн көбү 2021-жылы болгон жана 345-ти түзгөн (22,9%); жана 2019-жылы 323 окуя катталган (22,3%); ал эми 2020-жылы болсо – 187 (18,6%) катталган. Каза тапкандардын арасында эркектер көбүрөөк өлүмгө туш келген (83,2%). Бул көрсөткүч өзгөчө 2021-ж жогору болгон - 287 (83,2%). Анализдин (такталманын) көрсөтүүлөрү боюнча кырсыктан өлүмгө дуушар болгондордун саны жана курагы боюнча 21-61 жашка чейин дал келген (70,1%). Сырткы таасирдердин негизинде өлүмгө туш болгондордун арасында муунуп ѳлгѳндѳрдүн саны көп болгон жана 289-ду (33,9%) түзгөн.
Негизги сөздөр
сырткы таасирлердин негизинен болгон өлүм, дем алуунун механикалык жол менен токтоп калуусу, унаа-жол кырсыктары, ууланып калуу, ок-курал жарактан жабырлануу, өтө жогорку температуранын таасири, жаракаттарЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар