Том 14, № 5, 2022 / Барактар 28-32

САЛАМАТТЫК САКТООНУН БИРИНЧИ ЖАНА ЭКИНЧИ БАСКЫЧЫНЫН МЕКЕМЕЛЕРИНДЕ КАН ТАМЫР ЖАРАКАТТАРЫН АНЫКТООНУ ЖАНА ДАРЫЛООНУ УЮШТУРУУ

Аннотация

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын кан тамыр бөлүмүндө жана Ош шаардык клиникалык ооруканасынын хирургия жана травматология бөлүмдөрүндө кан тамыр травмасы менен дарыланган 574 бейтаптын дарттабуусун жана дарылоосун талдоонун негизинде саламаттык сактоонун биринчи жана экинчи звеносунун мекемелеринде 2011-2020-жылдар аралыгындагы кан тамыр жаракатынын дарылоо-диагностикалык иш-чараларына мүнөздөмө берилген. Саламаттык сактоонун биринчи жана экинчи звеносундагы мекемелеринде кан тамыр жаракаты менен жабыркагандарга жардам көрсөтүүнүн көлөмү жана мүнөзү такталган. Жаракат алган жерде жабыркагандардын абсолюттук көпчүлүгүнө биринчи медициналык жардамдын толук көлөмү көрсөтүлбөгөндүгү аныкталды, буга байланыштуу калктын кеңири катмарын биринчи медициналык жардамдын эрежелерине үйрөтүү зарылдыгы келип чыгууда. Саламаттык сактоонун экинчи звеносундагы стационарларда кан тамыр жаракатын аныктоо жана дарылоо тактикасы иштелип чыкты. Ошондой эле медициналык кызматтын бардык этаптарында кан тамыр жаракаты менен жабыркагандарга жардам көрсөтүүнүн клиникалык протоколун иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленген.

Негизги сөздөр

негизги кан тамырлардын жабыркашы, этап менен дарылоо, саламаттык сактоонун биринчи жана экинчи звеносундагы мекемелер, кан тамыр жаракатынын дарылоо жана диагностикалык тактикасы, реваскуляризация, калкты биринчи медициналык жардамга окутуу

Цитаталоо

APA Style
Kutuev, Zh. (2022). ORGANIZATION OF DIAGNOSTICS AND TREATMENT OF VASCULAR INJURIES IN PRIMARY AND SECONDARY HEALTHCARE ORGANIZATIONS. Eurasian Health Journal, 14(5), 28-32. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2022_5_28
Copied!
Vancouver Style
Kutuev, Zh.. ORGANIZATION OF DIAGNOSTICS AND TREATMENT OF VASCULAR INJURIES IN PRIMARY AND SECONDARY HEALTHCARE ORGANIZATIONS. Eurasian Health J. 2022;14(5):28-32. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2022_5_28
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар