Аннотация
Макалада сан сөөгүнүн проксималдык бөлүгүнүн вертел аймагынын сыныктарынын заманбап классификациялары келтирилген. Жаракаттарды классификациялоонун кесиптик стандартка ылайык травматолог-ортопед дарыгердин ишмердүүлүгүн ийгиликтүү жүзөгө ашыруудагы мааниси көрсөтүлгөн. Сыныктардын моделдерин сүрөттөө үчүн вертел аймагынын сыныктарын классификациялоонун заманбап системасы жөнөкөй, ишенимдүү, жеңил кайталануучу жана бейтапты андан аркы дарылоо тактикасын аныктоо үчүн клиникалык жактан пайдалуу болушу керек. Сыныктардын заманбап классификацияларын билүү сыныктарды дарылоонун адекваттуу тактикасын тандоонун, сыныктын тибине жараша ортопедиялык импланттарды тандоонун жана жаракаттын кесепеттерин болжолдоонун негизи болуп саналат.
Негизги сөздөр
сан сөөгүнүн проксималдык бөлүгү, вертел сыныгы, остеосинтез, блоктоочу остеосинтез, жамбаш-сан муунунун эндопротезиЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар