Том 14, № 5, 2022 / Барактар 22-27

КАН ТАМЫР ТРАВМАСЫ БОЮНЧА ГОСПИТАЛГА ЧЕЙИНКИ ЖАРДАМДЫ УЮШТУРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ

Аннотация

Кан тамыр травмасы менен жабыркагандарга госпиталга кам көрүү көйгөйү 2011-2020-жылдарга Ош аймактар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасынын кан тамыр хирургдары тарабынан райондордо иштеп жаткан кан тамыр травмасы менен жабыркагандардын 246 учур тарыхын талдоонун негизинде изилденген. Жабырлануучулардын 97,2% медициналык кызматкер келгенге чейин же аларды медициналык мекемеге жеткирүүдөн мурун эч кандай жардам алышкан эмес. Ош шаарынын жана Ош облусунун калкынын ар-кандай катмарларынан 320 жаран анкета менен сурамжыланган. Калктын абсолюттук көпчүлүгү биринчи жардамдын билимин жана көндүмдөрүн өздөштүрбөйт, эң негизгиси, жаракат алган учурда биринчи жардам көрсөтүү алардын жарандык милдети эмес деп эсептешет, аны шашылыш медициналык персонал же башка медициналык кызматкерлер гана жүргүзүшү керек деп ойлошот. Жабыр тарткандарга ооруканага чейинки жардамдын натыйжаларын жакшыртуу үчүн уюштуруучулук-тактикалык сунуштар берилген.

Негизги сөздөр

чоң тамырлардын жабыркашы, айкалышкан жабыркоолор, госпиталга чейинки этап, этап менен дарылоо, калкты анкеталык сурамжылоо, калкты жана медперсоналды окутуу

Цитаталоо

APA Style
Kutuev, Zh. (2022). ISSUES OF ORGANIZATION OF PREHOSPITAL CARE FOR VASCULAR INJURY. Eurasian Health Journal, 14(5), 22-27. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2022_5_22
Copied!
Vancouver Style
Kutuev, Zh.. ISSUES OF ORGANIZATION OF PREHOSPITAL CARE FOR VASCULAR INJURY. Eurasian Health J. 2022;14(5):22-7. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2022_5_22
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар