Аннотация
Максаты: Кыргыз Республикасынын биринчи медициналык-санитардык жардам деңгээлинде бронхиалдык астма менен ооруган бейтаптарды дарылоонун GINAнын (Бронхиалдык астма боюнча глобалдык демилгеси) сунуштарына ылайык келүүсүн баалоо. Методдор. 104 пациентке (эркектер - 27.9%, аялдар - 72.1% орточо жашы 49,1±16 жыл) анамнездик жана клиникалык маалыматтар боюнча суроолор тизмеге түзүлүп, ACQ анкетасы боюнча көзөмөлдөнүү даражасы бааланып, амбулаториялык пациенттердин жазуулары анализдөө, ошондой эле бронходилятация тести менен спирометрия жүргүзүлдү. Жыйынтыктар. Бейтаптардын көпчүлүгүндө 79,8% оорунун аллергиялык түрү бар болгон, бейтаптардын 81 (77,9%) пациентте астма көзөмөлгө алынган эмес, 1 секунд убакыт ичинде мажбурлап дем чыгаруу көлөмү 67,5% ± 20,6 чейин төмөндөгөн. Пациенттердин 32,6%ы кыска таасир берүүчү адреностимуляторлорду кыянаттык менен пайдаланышат жана көптөгөн пациенттер ингаляциялык глюкокортикостероиддер менен сунушталган сезгенүүгө каршы терапияны алышпайт. Корутундулар. Бул изилдөөлөр астма менен ооруган бейтаптардын көпчүлүгү учурдагы GINA сунуштарына жана стандарттарына жооп бере турган тийиштүү башкарууну, ошондой эле төмөн маалымдуулукту жана астма менен начар көзөмөлдү алышпайт экенин көрсөтүп турат
Негизги сөздөр
бронхиалдык астма, ACQ, спирометрия, ингаляциялык кортикостероиддер, көзөмөлдөнбөөчү, GINAЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар