Аннотация
Россиянын Астрахань областындагы экологиялык жана санитардык - гигиеналык абалды эске алуу менен чоң адамдар арасында пневмотуберкулездун эпидемиологиялык абалына талдоо жүргүзүлгөн. Күкүрттүү суутектин таралышы менен жакын жайгашкан калктуу аймактарда шамалдын агымынын багытынын ортосундагы байланыштар аныкталды. Ошондой эле, автомобиль транспортунан бөлүнүп чыккан аэротехногендик зыяндуу булгоочу заттардын көлөмү чоң кишилердин ооруга чалдыгуу жана ооруга чалдыккандыгы менен байланыштуу. Мындан тышкары, «Астрахань Газпром өндүрүшү» ЖЧКсынын ишканаларынын комплекстүү терс таасирине эң жакын жайгашкан аймактар, максималдуу түрдө дуушар болот жана калк арасында Кох таякчасы оорусунун көбөйүшүнө алып келет. Мындай өндүрүштөн чыккан зыяндуу заттардын таасирин азайтуу үчүн санитардык-гигиеналык көзөмөлдү күчөтүү зарыл экендиги түшүнүктүү, ошондой эле «Астрахань Газпром өндүрүшү» ЖЧКсынын ишканаларынын жабдууларын техникалык жактан жакшыртууну өз убагында жана үзгүлтүксүз жүргүзүп туруу керек. Бул аймактардын жашоочулары тийиштүү диагностика менен үзгүлтүксүз медициналык текшерүүдөн өтүп турушу керек, калк арасында өз убагында зыяндуу булгоочу заттардын чыгышы жөнүндө түшүндүрмө берип кабарлап туруулары зарыл
Негизги сөздөр
Эпидемиологиялык көрсөткүчтөр, экологиялык жана антропогендик факторлор, пневмотуберкулез, Астрахань аймагы, аэротехногендик булгоочу заттар, санитардык-гигиеналык контрольЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар