Аннотация
Борбордук Азиянын жана Россиянын көптөгөн аймактарында акыркы жылдары эхинококкоз менен ооругандардын саны өсүүдө. Цистикалык эхинококкоз менен ооруган хирургиялык оорулуулардын операциядан кийинки өлүмүнүн көрсөткүчү мурдагыдай эле орто эсеп менен 2,2%ды түзөт, хирургиялык операциядан кийин 6,5% учурларда узак калыбына келтирүү мезгилин талап кылган рецидивдер байкалат. Изилдөөнүн максаты Кыргыз Республикасында эхинококкоздун ооруусунун жана таралышынын структурасын талдоо. 2001-2022-жылдар аралыгындагы жугуштуу жана мите оорулардын, анын ичинде эхинококкоздун оорушу жана таралышы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин расмий маалыматтарына талдоо жүргүзүлгөн. 2018-жылдан 2022-жылга чейинки мезгилде экинчи даражадагы ооруканада (Бишкек ш. №1 шаардык клиникалык оорукана) эхинококкоз менен операция жасалган 1024 бейтаптын оору тарыхынын эпидемиологиялык жана лабораториялык- инструменталдык маалыматтарына ретроспективдүү талдоо жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасында эхинококкоз оорусу 2001-жылдан 2021-жылга чейин жылдык өсүү темпи 14,6% менен 2,6 эсеге өсүп, 2015-жылга карата 100 миң калкка 19,2ге жеткен, андан кийин 2021-жылы 100 миң калкка 9,9га чейин төмөндөгөн. 2019-021- жылдары эхинококкоздун жаңы учурларынын санын кыскарту, биздин оюбузча , диагностикалык иш-чаралардын жетишсиз деңгээлин, калктын миграциясын жана өлкөнүн социалдык- экономикалык жана санитардык-эпидемиологиялык абалынын начарлашын көрсөтөт. Эхинококкоз эмгекке жарамдуу курактагы (орточо жашы 35±16 жаш), көбүнчө айыл жеринде (67,3%) эт жегичтер менен тыгыз байланышта болгондордо (58,4%) көп кездешкен. Операцияланган бейтаптардын арасында эхинококкоздун татаал формалары 64,7% басымдуулук кылат, бул ооруканага жаткыруу мөөнөтүн 5,3±2,4 күнгө көбөйттү
Негизги сөздөр
эхинококкоз, паразитоз, оору, эпидемиологиялык абалЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар