Том 15, № 1, 2023 / Барактар 22-28

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында студенттердин дене тарбиясынын медициналык-биологиялык аспектилери

Аннотация

Макалада студенттердин акыл ишине физикалык активдүүлүктүн таасири каралган. Дененин физиологиялык абалына жана адамдын психикалык функцияларына физикалык активдүүлүктүн таасири жөнүндө илимий маалыматтар келтирилген. Дене тарбия сабагында теориялык жана негизги группалардагы студенттердин окуудагы ийгиликтерине талдоо жүргүзүлдү. Окуу жана экзамендик сессияны тапшыруу мезгилинде студенттердин билим деңгээлине физикалык жүктѳмдѳрдүн акыл-эс активдүүлүгүнө жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасирине баа берилген. Студенттердин түйшүгү сабактардын кѳптүгү, аз кыймыл аракет, туура тамактанбоо, жетишсиз калыбына келүү жана кээде психологиялык ашыкча жүктөм менен байланыштуу, бул ден соолуктун төмөндөшүнө алып келет.  Албетте, бул маселени терең изилдеп, комплекстүү чечүү керек. Бул суроо биздин изилдөө үчүн абдан актуалдуу болуп саналат. Ал эми аны чечүүнүн милдеттүү элементтеринин бири жаштарды сергек жашоо образына тартуу болуп саналат.  Ошондуктан жогорку билим берүү системасында дене тарбия структуралык звеносу катары баалоо керек Студенттердин физикалык активдүүлүгүн туура уюштуруу окуудагы жетишкендиктерди жана билимге ээ болуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшөт, бул физикалык активдүүлүктүн окуучулардын акыл-эс жөндөмдүүлүктөрүнө олуттуу таасиринин натыйжасы

Негизги сөздөр

физикалык активдүүлүк, акыл жѳндѳмдүүлүк, дене тарбия жана спорт, студенттер, ден-соолук, иш-аракет, жетишкендик, медикалык- биологиялык нормалар

Цитаталоо

APA Style
Imankhodjaev, D.A., Makhmudova, Zh.A., Baatyrova, N.Zh. & Kornilenko, V.V. (2023). Medical and biological aspects of physical education of students at the Kyrgyz State Medical Academy. Eurasian Health Journal, 15(1), 22-28. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2023_1_22
Copied!
Vancouver Style
Imankhodjaev, D.A., Makhmudova, Zh.A., Baatyrova, N.Zh., Kornilenko, V.V.. Medical and biological aspects of physical education of students at the Kyrgyz State Medical Academy. Eurasian Health J. 2023;15(1):22-8. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2023_1_22
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар