Том 15, № 1, 2023 / Барактар 47-52

Ымыркай балдарда ротавирус менен норовирусту козгогон секретордук ич өткөктүн салыштырмалуу мүнөздөмөсү

Аннотация

ште 2016-2020-жылдар аралыгында Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланган ротавирустук жана норовирустук жугуштуу оорулар менен ооруган 117 жаш балдардын секретордук ич өткөгүн салыштырмалуу клиникалык-эпидемиологиялык мүнөздөмөсү келтирилген. Изилдөөнүн жыйынтыгында ротавирус менен шартталган секретордук ич өткөк жашоонун биринчи жылындагы балдарда, өзгөчө 6 айдан 9 айга чейинки курактагы балдарда көбүрөөк (58,1%) байкалаары аныкталган. (36,0%). Ал эми норовирустук жугуштуу оору p<0,01 кыйла көп (61,3%) 1 жаштан 3 жашка чейинки балдарда кездешкен, анын ичинде кан аздуулук (40,0%) менен рахит (25,0%) преморбиддик фону (64,5%) түзгөн. Негизинен салыштырылган топтордун балдары кыш мезгилинде кабыл алынган (88,5%; 67,8%) жана Бишкек шаарынын тургундары (60,5%; 67,7%), оорулуулардын арасында эркек балдар (54,7%; 54,8%) басымдуулук кылган. Салыштырылган 2 топтогу оору гастроэнтериттик белгилери менен курч башталган. Ротавирус менен шартталган секретордук ич өткөк негизинен оор формада (61,4%; 45,2%) өтүп, 4,0% учурда жагымсыз натыйжага алып келген. Норовирустук жугуштуу оорусу бар балдарда p<0,01 көбүрөөк (38,6%; 51,6%), оору орточо оор формада өткөн. Белгилеп кетсек, орточо суусуздануунун белгилери (31,3%; 48,4%) норовирустук жугуштуу оорусу бар балдарда (2-топ) көбүрөөк аныкталган. Ротавирус жана норовирустук жугуштуу оорулардын дарты заңдан иммунохроматографиялык тез тесттин жардамы менен тастыкталган. Норовирустук жугуштуу оору менен ооруган балдардын бардыгы жана ротавирустук жугуштуу оору менен ооруган балдардын басымдуу көпчүлүгү (96,0%) жакшыруу абалы менен ооруканадан чыгарылган

Негизги сөздөр

балдар, секретордук ич өткөк, норовирус, ротавирус, эпидемиология, клиника, дартты аныктоо, дарылоо

Цитаталоо

APA Style
Bedelbaev, M., Djolbunova, Z., Khalupko, E., Uzgenova, Ch.A., Bayalieva, M.M. & Buchanceva, O.S. (2023). Comparative characteristics of secretory diarrhea caused by rotavirus and norovirus in young children. Eurasian Health Journal, 15(1), 47-52. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2023_1_47
Copied!
Vancouver Style
Bedelbaev, M., Djolbunova, Z., Khalupko, E., Uzgenova, Ch.A., Bayalieva, M.M., Buchanceva, O.S.. Comparative characteristics of secretory diarrhea caused by rotavirus and norovirus in young children. Eurasian Health J. 2023;15(1):47-52. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2023_1_47
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар