Аннотация
Изилдөө максаты: өзгөчө кырдаалдагы баш-мээ жаракаты менен айкалышкан көрүү органдарынын жаракатын медициналык эвакуациянын этаптарында дарылоонун эффективдүүлүгүн маанилүү жогорулатуучу жаӊы тактикалык жана техникалык чечимдерди издөө. Материал жана ыкмалар. Баш-мээ жаракаты менен айкалышкан көрүү органдарынын жаракаттарынан жабыркаган 441 бейтаптын диаагностика жана дарылоо натыйжаларына талдоо жүргүзүү. Баш-мээ жаракаты менен айкалышкан көрүү органдарынын жаракаттарынан жабыркагандардын клиникалык жана статистикалык мүнөздөмөсү, алардын диагностикасы жана дарылоонун натыйжалары жана акыбеттери изилденген. Натыйжалар. Өзгөчө кырдаалдагы баш-мээ жаракаты менен айкалышкан көрүү органдарынын жаракатын медициналык эвакуациянын этаптарында дарылоонун тактикалык жана техникалык ыкмалардын илимий негизделген өзгөчөлүктөрү аныкталган; баш-мээ жаракаты менен айкалышкан көрүү органдарынын жаракаттарынын оордугун баалоочу алгоритми аныкталган; баш-мээ жаракаты менен айкалышкан көрүү органдарынын жаракаттарынан жабыркагандарга көрсөтүлүүчү жардамдын көлөмүнүн стандарттары иштелип чыкты; баш-мээ жаракаты менен айкалышкан көрүү органдарынын жаракаттарынын жаңы классификациясы иштелип чыккан
Негизги сөздөр
айкалышкан жаракат, баш мээнин чайкалуусу жана эзилүүсү, офтальмология, көрүү органдарынын жаракаты, көз алмасынын контузиясыЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар