Аннотация
Акыркы жылдарда лапароскопиялык холецистэктомия өт баштыкчасынын патологияларын хирургиялык дарылоонун “алтын стандарты” болуп калды, мисалы, аз травма алуу, аз оорутуу, косметика жана тез сакайып кетүү сыяктуу артыкчылыктары. Максаты: лапароскопиялык холецистэктомиянын бир порттук ыкмасын киргизүү аркылуу холелитиаз менен ооругандарды дарылоонун натыйжаларын жакшыртуу болгон. Материалдар жана методдор: эмгекте холелитиазга каршы бир порттук лапароскопиялык холецистэктомия жолу менен операция жасалган 11 пациенттин проспективдүү анализи берилген. 4 эркек, 7 аял. 25 жаштан 52 жашка чейин. Жыйынтыктар жана талкуулар: эч кандай татаалдыктар байкалган эмес жана конверсияга муктаж болгон эмес, өлүмгө алып келген учурлар болгон эмес. Атайын аспаптардын катышуусунда бир порттон лапароскопиялык холецистэктомия жасоонун жөнөкөйлүгү боюнча салттуу үч жана төрт порттуулардан кем калышпайт, бирок косметикалык натыйжасы алда канча жогору болгонуна карабастан, киндигинин үстүнө 1 гана кесүү 2,5 см өлчөмүндө жасалат
Негизги сөздөр
SILS (бир кесүү лапароскопиялык холецистэктомия), бир порттуу лапароскопиялык холецистэктомия, холелитиаз; лапароскопиялык холецистэктомияЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар