Аннотация
Изилдөө максаты: баш-мээ жаракаты менен айкалышкан ЛОР органдарынын жаракаттарынан жабыркагандарга жардамды уюштуруу жана көрсөтүүдө дарылоо- эвакуациялык, дарылоо-тактикалык ыкмаларын оптимизациялоо жана алардын кабылдоолорун алдын алуу. Материал жана ыкмалар. Баш-мээ жаракаты менен айкалышкан ЛОР органдарынын жаракаттарынан жабыркаган 374 бейтаптын дарылоо натыйжалары изилденген. Баш-мээ жаракаты менен айкалышкан ЛОР органдарынын жаракаттарынан жабыркагандардын клиникалык жана статистикалык мүнөздөмөсү, алардын диагностикасы жана дарылоонун натыйжалары жана акыбеттери талданган. Натыйжалар. Баш-мээ жаракаты менен айкалышкан ЛОР органдарынын жаракаттарынын жаңы классификациясы иштелип чыккан; баш-мээ жаракаты менен айкалышкан ЛОР органдарынын жаракаттарынан жабыркагандарга көрсөтүлүүчү жардамдын көлөмүнүн стандарттары иштелип чыкты; баш- мээ жаракаты менен айкалышкан ЛОР органдарынын жаракаттарын жана алардын кабылдоолорун алдын алуу жана дарылоо максатында антибактериалдык “карболен майы” иштелип чыкты; мурун сөөктөрүнүн сыныктарын репозициялоо жана фиксациялоо үчүн жаңы ыкма сунушталды
Негизги сөздөр
айкалышкан жаракат, баш-мээнин чайкалуусу жана эзилүүсү, ЛОР- органдарынын жаракаты, мурун сөөктөрүнүн сыныгы, оториноларингология, аудиометрия, нейросенсордук дүлөйлүк, антибактериалдык майЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар