Аннотация
Бул макалада когнитивдик лингвистиканын максаты, кѳйгѳйлѳрү, милдеттери – дүйнөнү кабыл алуу, категорияга бөлүү, классификациялоо жана түшүнүү процесстери кандай ишке ашарын, билимдер кандайча топтолорун, кандай системалар маалыматтык ишмердүүлүктүн ар кандай түрлөрүн камсыз кылаары чагылдырылган. Лингвистикалык билимдин табияты, анын өздөштүрүлүшү жана колдонулушу берилген. Психикалык маселелерди чечүү тилди колдонууга түздөн-түз байланыштуу, анткени тил бардык коммуникация системаларынын ичинен эң күчтүү семиотикасы болуп чыкты. Бул сүйлөө ишмердүүлүгүндө дээрлик чексиз өндүрүштү жана маанилерди түшүнүүнү камсыз кылган когнитивдик механизм. Тил информацияны, билимди, кабарларды берүү жана кабыл алууда ортомчулук кылып гана тим болбостон, инсандын сырттан алган маалыматын иштетет, башкача айтканда конкреттүү тил алкактарын курат. Ошентип, тил көп билимди эс тутумда иретке келтирүү жана системалаштыруу, ар бир этномаданий жамаатка мүнөздүү дүйнөнүн лингвистикалык картинасын түзүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Демек, бүгүнкү күндө тил үйрөнүүгө болгон мамиле ушунчалык татаал болгондуктан, аны лингвисттердин, философтордун, психологдордун, нейрофизиологдордун, культурологдордун, жасалма интеллект тармагындагы адистердин жана башкалардын күч-аракеттерин бириктирген дисциплиналар аралык когнитивдик илим катары квалификациялоого болот
Негизги сөздөр
когнитивдик лингвистика, концепт, когнитивист, экстралингвистика, метафора, метонимия, эс тутум, элестетүү, кабылдоо, ой жүгүртүүЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар