Аннотация
Изилдөөнүн максаты: шап грыжаларын эндоскопиялык дарылоонун натыйжалуулугун баалоо. Материалдар жана методдор. Түз жана кыйгач шап грыжасы бар 71 бейтапка клиникалык изилдөө жүргүзүлдү, алардын ичинен 24 пациентке Лапароскопиялык преперитонеалдык трансабдоминалдык герниопластика (ТАРР), торчолуу эндопротез жана аны герниостеплер менен бекитүү жана 47 бейтапка грыжа дарбазасын оңдоо ачык жол менен герниопластика жасалган. Натыйжалар. (TAPP) операцияларынын орточо узактыгы 29,5±1,0 мин, ачык герниопластика 80,2±1,1 мин. (ТАРР) операциясынан кийин бейтаптар ооруканада орточо 2,5±0,5 күн жатышты, ачык герниопластика 6,6±0,2 күн болду. Операциядан кийинки татаалдашууларды баалоодо, алар (ТАРР) менен 4,1% учурларда болгон, бул ачык герниопластикага караганда 3 эсе аз. Корутунду: шап грыжалары үчүн лапароскопиялык кийлигишүүлөрдү колдонуу 3 эсеге оорлошуунун санын азайтууга, ооруканада болуу мөөнөтүн кыскартууга жана операциянын узактыгын тездетүүгө мүмкүндүк берет
Негизги сөздөр
шап грыжа, трансабдоминалдык преперитонеалдык герниопластика, торлуу эндопротез, грыжа степлер, лапароскопияЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар