Аннотация
Бул макалада ата мекендик жана чет элдик басылмалар камтылган ири коломдогу эрендик бези жана бул көйгөй менен ооруган бейтаптарды хирургиялык дарылоо ыкмалары темасы боюнча илимий маалыматтарды карап чыкты. Изилдөөнүн объектиси болуп ири коломдогу эрендик бези менен ооруган бейтаптарды хирургиялык дарылоо ыкмасы катары чурай соогу арты аркылуу эрендик безин алып салуу операциясы боюнча маалыматтар алынган. Бул ыкманын артыкчылыктары жана кемчиликтери, ишти жакшыртуу үчүн сунушталган өзгөртүүлөр белгиленет. Ошондой эле, бардык татаалдашуулардын башында турган геморрагиялык татаалдашууларды азайтуу ыкмалары боюнча илимий иштер шарттуу түрдө топторго бөлүнөт. Чурай соогу арты аркылуу эрендик безин алып салуу операциясы боюнча илимий адабияттарды талдап чыккандан кийин, биз операциянын бул ыкмасы ири коломдогу эрендик безин дарылоодо тандоо ыкмасы болуп саналат жана практикалык урологияда колдонулушу мүмкүн деген жыйынтыкка келдик. Ошентип, чурай соогу арты аркылуу эрендик безин алып салуу операциясын оптималдаштыруунун жаңы жолдорун издөө заманбап урологиянын актуалдуу маселеси болуп саналат. Бул өз кезегинде ири коломдогу эрендик бези менен күрөшүүдө олуттуу жылыштарга алып келет.
Негизги сөздөр
эрендик безинин гиперплазиясы, геморрагиялык асқынуулар, чурай соогу арты аркылуу эрендик безди алып салуу, простата көлөмү, дорсалдык веноздук комплексЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар