Том 15, № 3, 2023 / Барактар 79-85

МИНИМАЛДЫК ИНВАЗИВДҮҮ ХИРУРГИЯНЫН ПРОСТАТА БЕЗИНИН РАГЫ МЕНЕН ООРУГАН БЕЙТАПТАРГА КОЛДОНУУ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

Аннотация

Азыркы мезгилде простата безинин залалдуу шишиги- онкоурологиядагы оору катарында актуалдуулугу сакталууда. Ал эми трануретралдык резекциядан кийинки аман калуу натыйжалары ар башка болуп, ɵлкɵлɵрдүн экономикалык, географиялык жайгашууларынан кɵз каранды. Айта кетсек, ата-мекендик илимий басылмаларда аман калуу жана дарылоо натыйжаларын анализдɵɵ иштери жокко эсе. Изилɵɵнүн максаты простата безинин рагы менен ооруган бейтаптардагы трансуретралдык резекциянын натыйжаларын изилдɵɵ болгон. Илимий иш 2010-2018 жылдардагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталынын урология бɵлүмдɵрүндɵгү трансуретралдык резекция операциясы жасалган 50 улгайган жаш курактагы (Дүйнɵлүк саламаттык сактоо уюмунун жаш курак классификациясынын негизинде) оорулардын бейтап баяндарынын жана дарылоо тажрыйбаларынын ретроспективдик анализинде негизделген. Диагноз жасалган простата безинин биопсияларынын негизинде такталган. Ɵз алдынча заара ушатуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу, зааранын ɵнɵкɵт токтошу, ɵткɵрүлгɵн неоадъюванттык терапияга карабастан, инфравезикалдык обструкциянын объективдуу жана субъективдуу белгилеринин туруктуу сакталышы простатанын трансуретралдык резекция операциясын жасоого жолдомо болгон. Простата безиндеги залалдуу шишик процессинин простата спецификалык антиген (ПСА) анализинин тɵмɵндɵшүнүндɵ негизделген стабилдешуусу жана регрессиясы, простата рагынын трансуретралдык резекция операциясын жасоодо шарт катары эсептелген. Изилдɵɵгɵ кирген бардык бейтаптар кылдаттык менен каралып, оору жана жашоо баянын, болгон илдеттерин дыкат сурамжыланып, керектүү учурда тийиштуу адистердин консультациялары болгон илдеттерин ɵз убагында коррекциялоо максатында жана күтүлгɵн анестезия жана хирургиялык кийлигишүүгɵ даярдануу менен коштолуп турган. Кандын жана зааранын жалпы анализи, коагулограмма, кандын биохимиялык анализдери, А,В,С вирустук гепатиттеринин маркерлору, Вассерман реакциясы, жалпы белок жана башка анализдер лабораториялык изилдɵɵлɵрдүн негизин түздү. 

Негизги сөздөр

простата безинин рагы, трансуретралдык резекция, аман калуу, простата безинин биопсиясы, простата-спецификалык антиген, ультрадобуштук изилдɵɵ, неоадъюванттык терапия, инфравезикалдык обструкция

Цитаталоо

APA Style
Kurmanbekov, N., Usupbaev, A., Kylychbekov, M. & Kuzebaev, R. (2023). RESULTS OF USING MINIMALLY INVASIVE SURGERY IN PATIENTS WITH PROSTATE CANCER . Eurasian Health Journal, 15(3), 79-85. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2023_1_35
Copied!
Vancouver Style
Kurmanbekov, N., Usupbaev, A., Kylychbekov, M., Kuzebaev, R.. RESULTS OF USING MINIMALLY INVASIVE SURGERY IN PATIENTS WITH PROSTATE CANCER . Eurasian Health J. 2023;15(3):79-85. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2023_1_35
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар