Аннотация
Макалада Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облустарынан алынган ит заңынын копрологиялык жана патоанатомиялык изилдөөлөрүнүн натыйжалары талкууланат. Ош облусунда Taenia species (Taenia sp.) түрүнүн жумурткалары бар иттердин жабыркашы аныкталган: копрологиялык изилдөөдө-10,3±1,2%, патологоанатомиялык аутопсияда- 24±4,1%. Ош облусунда текшерилген 104 баш иттин 10,5% Echinococcus granulosus, 13,4% Echinococcus multilocularis ылаңы менен жабыркаган. E. granulosus менен Алай районунун Сары-Таш жана Чоң Кара-Кол айылдарынын иттери эң көп жабыркаган, аларда малдын ылаңдоосу 33,3%дан жана 12,5%ды түзсө, ал эми Чоң-Алай районунун Кашка Суу айылында – 14,5%ды түздү. Нарын облусунда – иттердин заңын копрологиялык изилдөөдө Taenia sp. түрүнү жумурткалары менен - 9,6% иттер, патологоанатомиялык аутопсияда - 47,5% иттен аныкталды. E. multilocularis бардык изилденген калктуу конуштарда табылган: Ат-Башы шаар тибиндеги айылчадан, Баш-Кайыңды, Ача-Кайыңды – 40%, Таш Башат айылдарынан – 50%, Нарын шаарынан – 33,3%. Альвеококкоздун синантроптук чордондору аныкталган.
Негизги сөздөр
аутопсия, гельминттер, альвеококк, эхинококк, синантроптук чордон, инвазивдүүлүк, табигый чордонЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар