Аннотация
Макалада азыркы этапта жаш балдардагы курч инфекциялык секретордук диареянын этиологиясы, клиникалык өзгөчөлүктөрү, диагностикасынын жана дарылоонун заманбап ыкмалары боюнча адабият маалыматтары талдоого алынган. Адабий маалыматтарды талдоодо жаш балдардын курч ичеги инфекцияларынын этиологиялык фактору басымдуу болуп, ич өткөктүн секретордук түрүн пайда кылган вирустар жана бактериялар экендиги аныкталган. 80,0-90,0% учурларда вирустук секретордук диареянын этиологиясы ротавирустар болуп саналат. Жаш балдардын бактериялык секретордук ич өткөктүн жалпы себеби - E. Coli (83,4%). Ошондой эле, балдарда узак мөөнөттүү интенсивдүү антибактериалдык терапия учурунда, секретордук диареянын себеби Clostridium difficile тукумундагы бактериялар болушу мүмкүн. Курч инфекциялык секретордук диарея гастроэнтериттин белгилеринин пайда болушу менен мүнөздөлөт. Бирок, секретордук диареянын жана жалпы инфекциялык синдромдун клиникалык көрүнүштөрүнүн узактыгы жана оордугу конкреттүү этиологиялык факторго жараша болот. Инфекциялык секретордук диарея менен ооруган балдардын абалынын оордугу аралаш инфекциянын, сепсистин жана суусуздануунун өнүгүшүнө байланыштуу, бул оорунун жагымсыз жыйынтыгына алып келет.
Негизги сөздөр
секретордук диарея, этиология, эпидемиология, балдар, клиника, диагностика, дарылооЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар