Аннотация
Бул макалада Кыргыз Республикасынын Ош шаарындагы ортодонтологдордун клиникалык ординатурасына жана квалификациясын жогорулатууга карата укуктук актылар, аккредитация жана талаптар талданат. Макалада мамлекеттик жана жеке менчик стоматологиялык клиникаларда ортодонттун ишине коюлган талаптар талкууланат, ошондой эле стоматологиялык клиникаларды аккредитациялоо жана аларда иштеген ортодонттордун адистиги боюнча маалыматтардын талдоосу каралган. Изилдөөдө ортодонтологдорго коюлган талаптардын жана стандарттардын айырмачылыктары, ошондой эле жеке клиникаларда айрым ортодонтдордун тийиштүү сертификаттарынын жана адистештирилгендигине байланыштуу көйгөйлөр аныкталган. Медициналык жардамдын сапатын камсыз кылуу максатында документтерди текшерүү жана ченемдик укуктук актыларга ылайык ортодонт врачтардын ишин жөнгө салуу боюнча чараларды көрүү сунушталууда. Бул изилдөө Ош шаарындагы ортодонтиялык жардамдын сапатын жогорулатуу үчүн маанилүү жана бул багытта мындан аркы изилдөөлөр үчүн баштапкы чекит катары колдонулушу мүмкүн.
Негизги сөздөр
укуктук актылар, ортодонт, клиникалык ординатура, квалификацияны жогорулатуу, аккредитация, Ош шаарыЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар