Аннотация
Адамдын ашказанынын ар кайсы бөлүктөрүнүн дубалдарындагы лимфоиддик аппараты учурда жетиштүү деңгээлде изилдене элек. Ашказандын кардиалдык, пилорикалык жана фундалдык бөлүктөрүндө иммундук элементтеринин (лимфоиддик түйүндөр жана лимфоиддик топтолуштардын) локализациясынын өзгөчөлүктөрү аныкталган эмес. Герминативдик уюлдары бар жана жок лимфоиддик туйундөрдун, ошондой эле ашказандын ар кайсы бөлүктөрүндө лимфоиддик топтоолордун бар экендиги жөнүндө маселе дагы эле талкууланууда. Алардын топографиясы, органдын капталдарындагы саны жана өлчөмү ар кандай курактагы адамдарда такталган эмес. Алардын так гистотопографиясы, ашказан бездери менен салыштырмалуу нормадагы байланышы аныктала элек. Мындан тышкары, лимфоид элементтеринин ашказандын капталдарында жайланыш терендиги жана эпителий менен болгон карым-катнаши тактала элек
Негизги сөздөр
морфология; иммундук система; топография; лимфоиддик түзүлүштөр; герминативдик уюл; ашказанЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар