Аннотация
АИВ-инфекциясынын кошумча ооруларынын структурасы келтирилген жана кошумча ооруларындын Charlson индекси бааланган. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын (ООАБКО) жугуштуу оорулар бөлүмүнүн негизинде ретроспективдүү обсервативдик изилдөө жүргүзүлүп, 2009-2021-жылдар аралыгында АИВ- инфекциясы аныкталган 130 бейтаптын маалыматтары изилденген. АИВ-инфекциясында кошумча оорулар жогорку жыштык менен кездешет (76,9±3,7%), ал эми баңги затын сайган адамдарда (БЗСА) 1,5 эсе жогору кездешет. Жогорку кошумча ооруларындын Charlson индекси (7-10 упай) 26,2% бейтаптарда аныкталган, бул бир жылдын ичинде өлүмгө алып баруу мүмкүнчүлүгүн көрсөтүп турат. Кошумча оорулардын структурасында теринин жана былжыр челдин инфекциялары (55,4%), дем алуу органдарынын оорулары (53,1%), боордун бузулушу (43,1%), АИЖС (адамдын иммундук жетишсиздик синдрому) менен байланышкан оорулар (30,7%) басымдуулук кылат. АИВ-инфекциясы менен өнөкөт кошулган оорулар, өзгөчө улгайган бейтаптардын арасында, кеңири жайылууда. Бул медициналык кызматкерлер тарабынан өзгөчө көңүл буруу, кошумча ооруларды аныктоо жана дарылоо үчүн кошумча текшерүүлөр зарыл экени көрсөтүлдү. Биздин изилдөөбүздүн натыйжалары АИВ-инфекциясын жуктурган адамдардын арасында кошумча оорулардын мүмкүн болуучу татаал айкалыштары жөнүндө медициналык адистердин маалымдуулугун жогорулатууга жардам берет
Негизги сөздөр
АИВ-инфекциясы; кошумча оорулар; баңги затын сайган адамдар; ооруларды аныктоо; дарылооЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар