Том 15, № 4, 2023 / Барактар 109-112

ЖАШ БАЛДАРДАГЫ БЕЙТАПКАНАДА КЕЗДЕШКЕН РОТАВИРУС ИНФЕКЦИЯСЫНЫН КЛИНИКАЛЫК ЖАНА ЛАБОРАТОРИЯЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ

Аннотация

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында стационардык дарылануудан, оорукана ичиндеги ротавирус инфекциясы менен ооруган 45 оорулуу бала текшерилген. Жаш балдарда оорукана ичиндеги ротавирус инфекциясына карата клиника лабораториялык мүнөздөмө берилген. Изилдөөнүн натыйжасында ооруканадан алынган ротавирус инфекциясы көбүнчө (86,4%) жасалма жана аралаш тамактанган биринчи жаштагы балдардын арасында катталат. Негизинен ротавирус инфекциясы менен ооруган балдар суук мезгилде келип түшкөн жана Бишкек шаарынын тургундары болушкан (64,3%), жынысы боюнча балдар (50%) да, кыздар (50%) да бирдей ооруганын көрсөткөн. Оору гастроэнтериттин симптомдору менен курч башталып, микстинфекциянын жана татаалдашуунун пайда болушунан улам негизинен оор (73,8%) болгон. Белгилей кетсек, башка оорунакалардан бир жылга чейинки балдар 7,3±2,4 күнгө, 3 жашка чейинки балдар 3,6±1,2 күнгө созулган. Диагноз экспресс-диагностикалык ыкмалар менен тастыкталды: оорулуулардын 78,5% рота-тест жана фекалдык ПЦР анализи. Оорукана ичиндеги өз убагында диагностикалоо үчүн латекс агглютинация реакциясы (рота-тест) жана анализдин ПЦР реакциясы менен экспресс диагностиканы колдонуу зарыл

Негизги сөздөр

балдар, оорукана ичиндеги ротавирус инфекциясы, гастроэнтерит, клиника, аныктоо, дарылоо

Цитаталоо

APA Style
Bayalieva, M.M., Mambetova, M.K., Shayymbetov, А., Abdrakhmanova, A.A. & Ergeshova, Zh. (2023). CLINICAL AND LABORATORY CHARACTERISTICS OF ACUTE NOSOCOMIAL ROTA VIRAL INFECTION OF AN EARLY AGE CHILDREN . Eurasian Health Journal, 15(4), 109-112. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2023_4_109
Copied!
Vancouver Style
Bayalieva, M.M., Mambetova, M.K., Shayymbetov, А., Abdrakhmanova, A.A., Ergeshova, Zh.. CLINICAL AND LABORATORY CHARACTERISTICS OF ACUTE NOSOCOMIAL ROTA VIRAL INFECTION OF AN EARLY AGE CHILDREN . Eurasian Health J. 2023;15(4):109-12. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2023_4_109
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар