Том 15, № 4, 2023 / Барактар 162-168

БАЛДАРДАГЫ КЫЗАМЫК ЖАНА ЭНТЕРОВИРУСТУК ЭКЗАНТЕМА, АЗЫРКЫ МЕЗГИЛДЕГИ ДИФФЕРЕНЦИАЛДЫК АЙЫРМАЛООНУН КӨЙГӨЙЛӨРҮ

Аннотация

Кызамык диагнозу коюлган 676 балада (619 адам) жана энтеровирустук экзантема (57 адам) 2018-2022-жылдар аралыгында ооруканага жаткырылган клиникалык жана лабораториялык маалыматтарга салыштырмалуу талдоо жүргүзүлдү. Балдардагы кызамык жана энтеровирустук экзантеманын негизги эпидемиологиялык жана клиникалык-лабораториялык өзгөчөлүктөрү аныкталды. Кызамык көбүнчө ымыркай балдар чалдыкканы аныкталган, энтеровирустук жугуштуу оору үчүн бейтаптардын чонураак балдарда көбүрөөк байкалган. Диагнозду тактоо үчүн ИФА жана ПЧР ыкмасы, Экспресс-CerTest Enterovirus (заңдагы Энтеровирусту сапаттуу аныктоо үчүн иммунохроматографиялык аныктоо) колдонулган. Кызамыктын клиникасы мезгилдүүлүгү, стадиялык макулопапулярдык исиркектердин пайда болуусу менен мүнөздөлгөн, андан кийин пигментация жана түлөп түшүүсү, ошол убакта энтеровирустук экзантемада исиркектер көп түрдүү болгон. Кызамыкта көбүнчө энтеровирустук инфекцияга караганда оорунун оор түрлөрү катталган. Энтеровирустук экзантемага артралгия менен миалгия, лимфоиддик ткандардын гипертрофиясы, ошондой эле ичтин оорушу мүнөздүү болгон, бул клиникалык көрүнүштөрдүн полиморфизмине байланыштуу. Алынган жыйынтыктар дифференциалдык диагностиканы жүргүзүүнү жакшыртууга жана адекваттуу дарылоону өз убагында дайындоого мүмкүндүк берет. 

Негизги сөздөр

кызамык, эпидемиология, энтеровирустук экзантема, балдар, клиника, диагностика

Цитаталоо

APA Style
Chechetova, S., Khalupko, E., Kadyrova, R., Djolbunova, Z., Chynyeva, D. & Kulueva, M. (2023). MEASLES AND ENTEROVIRUS EXANTHEMA IN CHILDREN, PROBLEMS OF DIFFERENTIAL DIAGNOSIS AT THE PRESENT STAGE. Eurasian Health Journal, 15(4), 162-168. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2023_4_162
Copied!
Vancouver Style
Chechetova, S., Khalupko, E., Kadyrova, R., Djolbunova, Z., Chynyeva, D., Kulueva, M.. MEASLES AND ENTEROVIRUS EXANTHEMA IN CHILDREN, PROBLEMS OF DIFFERENTIAL DIAGNOSIS AT THE PRESENT STAGE. Eurasian Health J. 2023;15(4):162-8. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2023_4_162
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар