Аннотация
Макалада Кыргыз Республикасындагы энтеровирус инфекциясынын изилденилишинин учурдагы абалы берилген. Кыргызстанда акыркы 25 жыл ичинде ЭВИ изилденип келген, бирок бүтүнүнөн эмес, анын айрым гана түрлөрү, басымдуусунан балдар изилденген. Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын маалыматынын негизинде, 10 жыл ичиндеги энтеровирус инфекциясы жана 2015-2018-жылдар аралыгында, энтеровирустук менингит менен ооруган учурларга ретроспективдүү талдоо жүргүзүлдү. Чүй облусунун аймагында энтеровирус инфекциясынын ар кандай клиникалык түрлөрү (экзантема, миалгия, диарея, везикулярдык фарингит жана стоматит) катталган, алардын түзүлүшүндө сероздук менингит айырмаланат. Энтеровирустук менингит менен, ооруканада даарыланган, 102 баланын тарыхы талданган. Диагноз клиникалык жана эпидемиологиялык көрүнүштөрдүн жана лабораториялык маалыматтардын негизинде аныкталган. Сероздук менингитке караштуу мүнөздүү патогномикалык симптомдор жана, сероздук менигит менен энтеровирус инфекциясыны башка формаларынын (жогорку дем алуу жолдорунун сезгениши, экзантема, гастроэнтерит, герпангина) айкалышы жаш аспектинде сүрөттөлөт. Энтеровирус инфекциясын, жугуштуу жана жугуштуу эмес оррулары менен дифференциалдык айрымдоосун, спецификалык диагностикалык ыкмаларын колдонуу менен жүргүзүлүшүнүн зарылчылыгы көрсөтүлгөн.
Негизги сөздөр
энтеровирус инфекциясы, энтеровирустук менингит, балдар, клиника, диагностикаЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар