Аннотация
2020-2021-жылдар аралыгында коронавирус инфекциясынан каза болгон жана аман калган бейтаптардын оору тарыхына салыштырмалуу анализ жүргүзүлдү. Изилдөөдө жаңы COVID-19 коронавирус инфекциясынын жүрүшүнө жана жыйынтыгына кошумча оорулардын терс таасири тастыктады. Кан оорулары менен ооруган бейтаптар жагымсыз натыйжалардын эң чоң коркунучуна кабылышат. COVID-19 жаңы коронавирус инфекциясынан өлүмдүн түзүмү сүрөттөлдү. COVID-19 оорусунан каза болгондордо жагымсыз жыйынтыктын өнүгүшүндө дем алуу жетишсиздиги жана курч респиратордук дистресс синдрому негизги роль ойнойт. COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын жүрүшүнө жана жыйынтыгына жашынын жана жынысынын таасиринин жоктугунун ишенимдүүлүгү көрсөтүлдү. Каза болгон жана аман калган бейтаптардын ортосунда кандын анализининде лимфоциттердин деңгээлинде олуттуу айырмачылыгы аныкталды жана ал көрсөткүч өнүккөн иммунитеттин басылышын далилдейт. COVID-19 жаңы коронавирус инфекциясынын начарлашынын же өлүмүнүн медициналык- уюштуруучулук (ооруканага чейинки мезгилдеги дарылоо кемчиликтер) жана биологиялык тобокелдик факторлору аныкталды. Жаңы COVID-19 коронавирус инфекция учурунда ооруканга чейинки мезгилде антибиотиктердин колдоннусунун терс таасири көрсөтүлдү. Ооруканага чейинки этапта антибактериалдык дары-дармектерди курстук берилиши максатка ылайыксыздыгы, андан тышкары, алардын COVID-19 жаңы коронавирус инфекциясына кабылгандануу абалында оорчулугуна терс таасири көрсөтүлдү
Негизги сөздөр
коронавирус инфекциясы; пневмония; кошумча ооруларЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар