Аннотация
Балдар жана өспүрүмдөр арасындагы баш сөөк – бет жаракатынын жолугуу жыштыгына сереп жасалган. Жаракаттын себептери, алардын түрлөрү жана дарылоосу изилденген. Ооруканага жайгаштырылган бейтаптардын диагностикасынын жана дарылоосунун натыйжалары каралган. Бул бейтаптардын жаак-бет жана нейротравматология бөлүмдөрүндөгү курамдык үлүшү 19,4% түздү. Айыл чарба шаймандарын колдонуу жана иштөө, жыгачты кайра иштетүү, бийиктен жыгылуу, үй жаныбарларынан алынган жаракаттар баш сөөк-бет жаракаттарынын негизги себептери болуп чыкты. Жаш балдар менен өспүрүмдөрдү айыл чарба иштерине камтуу практикасына тыюу салынуусу керек, анткени бет скелетине жана беттин жумшак ткандарына тийген оор жаракаттар жаш балдардын физикалык жана акыл-эсинин өсүүсүнүн бузулууларына алып келүүсү мүмүкүн.
Негизги сөздөр
баш сөөк-бет жаракаты, беттин ортоӊку бөлүгүнүн сыныгы, баш сөөктүн жаракаты, дарылооЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар