Том 15, № 5, 2023 / Барактар 41-46

ӨНӨКӨТ СЕЗГЕНМЕ ДЕМИЕЛИНИЗАЦИЯЛООЧУ ПОЛИНЕЙРОПАТИЯНЫН ТИПТҮҮ ЭМЕС ЖҮРҮШҮ (КЛИНИКАЛЫК УЧУР)

Аннотация

Өнөкөт сезгенме демиелинизациялоочу полинейропатия (ӨСДП) айыктырууга мүмкүн болгон оору, анын жүрүшү жана натыйжасы көбүнчө патогенетикалык дарылоо башталган убакыттан көз каранды, ошондуктан ооруну эрте аныктоо өтө маанилүү. Өз кезегинде, ӨСДПны убагында дарылабоо экинчилик аксонопатия менен коштолот, бул мурун ооруп, бирок учурда белгилери байкалбаган неврологиялык жетишсиздикке, бейтаптардын эмгек жөндөмдүүлүгүнүн жана жашоо сапатынын начарлашына себеп болот. Макаланын максаты коморбиддик патологиядан жабыркаган бейтаптагы өнөкөт сезгенме демилинизациялоочу полинейропатия типтүү эмес формада өткөн клиникалык кырдаалды сүрөттөп берүү. Клиникалык маалыматтар, лабораториялык жана аспаптык изилдөөыкмаларынын жыйынтыктары талдоого алынды. Иммуноглобулинди кан тамыры аркылуу берүү жолу менен дарылоонун натыйжасында бейтаптын абалынын бир топ жакшырганы жана жоголгон кыймылдаткыч функцияларынын калыбына келгени байкалган. Сунуш кылынган клиникалык кырдаал туура жана акыркы диагнозду коюу жолундагы узак жана татаал изденүүнүн үлгүсү болуп саналат. Макала жаш, ошондой эле тажрыйбалуу невропатологдорго, реаниматолог, ревматолог, үй-бүлөлүк дарыгер, кардиолог, терапевт ж.б. чектеш адистиктеги дарыгерлерге пайдалуу болушу мүмкүн.

Негизги сөздөр

өнөкөт сезгенме демиелинизациялоочу полинейропатия (ӨСДП), аутоиммундук оору, типтүү эмес жүрүш, коморбидтик патология, иммуноглобулин, кыймылдаткыч функциялар

Цитаталоо

APA Style
Mamytova, E., Kazybekov, А., Biyalieva, G. & Omurbekov, S. (2023). ATYPICAL COURSE OF CHRONIC INFLAMMATORY DEMYELINATING POLYNEUROPATHY (CLINICAL CASE). Eurasian Health Journal, 15(5), 41-46. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2023_5_41
Copied!
Vancouver Style
Mamytova, E., Kazybekov, А., Biyalieva, G., Omurbekov, S.. ATYPICAL COURSE OF CHRONIC INFLAMMATORY DEMYELINATING POLYNEUROPATHY (CLINICAL CASE). Eurasian Health J. 2023;15(5):41-6. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2023_5_41
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар