Том 15, № 5, 2023 / Барактар 185-193

БЕТТИН ОРТОҢКУ ЗОНАСЫНЫН ОПЕРАЦИЯДАН КИЙИНКИ КЕМТИКТЕРИ ЖАНА ДЕФОРМАЦИЯЛАРЫНЫН КЛАССИФИКАЦИЯСЫ

Аннотация

Беттин ортоңку зонасындагы кемтиктери жана деформациялары бар бейтаптарды реабилитациялоодо олуттуу жетишкендиктерге карабастан, дарылоонун артыкчылыктуу ыкмалары боюнча бүгүнкү күнгө чейин талаш пикирлер сакталып келет. Кемтиктин көлөмүн, татаалдыгын жана дарылоо ыкмасын тандоону жеңилдетүү максатында ар кандай классификациялык системалар сунушталган, алардын ар бири көйгөйгө карата өзүнчө практикалык мамилени чагылдырган, бирок алардын көпчүлүгү кеңири колдонууга ээ болгон эмес. Макалада клиникалык жана функционалдык изилдөөлөрдүн, ошондой эле көп жылдык клиникалык тажрыйбанын негизинде беттин ортоңку зонасынын операциядан кийинки кемтиктери жана деформацияларынын классификациясы берилген. Автор сунуштаган классификациялар беттин ортоңку зонасы резекцияланган ар кандай көлөмдөгү кемтиктерди системалаштырууга, клиникалык диагнозду так коюуга, кемтиктин мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн аныктоого жана жоголгон аймакты толук анатомиялык жана функционалдык калыбына келтирүү, ошондой эле жүздүн сырткы көрүнүшүн эстетикалык реабилитациялоо үчүн зарыл болгон протездик конструкцияларды тандоого мүмкүндүк берет.

Негизги сөздөр

операциядан кийинки кемтиктер, айкалышкан кемтиктер, кемтиктердин классификациясы, резекциялык протездер, бейтаптарды реабилитациялоо

Цитаталоо

APA Style
Yessirkepov, А. (2023). CLASSIFICATION OF POSTOPERATIVE DEFECTS AND DEFORMITIES OF THE MIDDLE ZONE OF THE FACE. Eurasian Health Journal, 15(5), 185-193. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2023_5_185
Copied!
Vancouver Style
Yessirkepov, А.. CLASSIFICATION OF POSTOPERATIVE DEFECTS AND DEFORMITIES OF THE MIDDLE ZONE OF THE FACE. Eurasian Health J. 2023;15(5):185-93. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2023_5_185
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар