Том 15, № 5, 2023 / Барактар 76-80

ЭжБКУБ КЛИНИКАСЫНЫН МААЛЫМАТЫ БОЮНЧА, КЫЗЫЛ ӨҢГӨЧ АТРЕЗИЯСЫ БАР БАЛДАРДЫ ДАРЫЛООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ

Аннотация

Актуалдуулугу. Макалада ЭжБКУБ клиникасынын базасында хирургиялык патология менен неонаталдык реанимация бөлүмүнө ушул патология менен жаткырылган кызыл өңгөчтүн атрезиясы менен ооруган балдарды дарылоонун маалыматтары жана натыйжалары келтирилген. Изилдөөнүн максаты. Кызыл өңгөчтүн атрезиясынын ар кандай түрлөрү боюнча хирургиялык коррекциялоо ыкмаларын жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардагы дарылоонун натыйжаларын талдоо. Материалдар жана ыкмалар. 2016-жылдан 2022-жылга чейин Бишкек шаарындагы Эне жана Баланы Коргоо Улуттук Борборунун базасында хирургиялык патологиясы бар ымыркайлардын реанимация бөлүмүнө кызыл өңгөч атрезиясы менен 62 наристе түшкөн. Жыйынтыктар жана талкуулар. Бул патологиянын структурасында дээрлик бардык балдар 38-39 жумалык кош бойлуулук мезгилинде толук кандуу төрөлүшкөн. Бирок 14 жаңы төрөлгөн баланын жатын ичиндеги өнүгүүсү кечеңдеген. Бардык ымыркайлар жашоосунун биринчи күнүндө неонаталдык реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Кызыл өңгөчтүн атрезиясы менен Чүй облусунан 31, Бишкек шаарынан 19, Ысык-Көл облусунан 3, Нарын облусунан 2, Талас облусунан 1, Ош облусунан 3, Баткен облусунан 1, Жалал-Абад облусунан 2 ымыркай төрөлгөн. Корутунду. Учурдагы дарылоо ыкмалары, операцияга чейинки катуу даярдык жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардагы жогорку технологиялык операциялар жана неонаталдык реанимациядагы ийгиликтер кызыл өңгөчтүн атрезиясы менен ооругандарды дарылоодо жакшы ийгиликтерге жетишти.

Негизги сөздөр

кызыл өңгөчтүн атрезиясы, трахеофагеалдык фистула, ымыркайлар, тубаса кемтиктер, торакотомия

Цитаталоо

APA Style
Akmenteva, Т., Uzakbaev, К. & Gagloeva, N. (2023). RESULTS OF TREATMENT OF CHILDREN WITH ESOPHAGEAL ATRESIA ACCORDING TO THE DATA OF THE CLINIC OF THE NATIONAL CENTER FOR MATERNAL AND CHILD HEALTH CARE. Eurasian Health Journal, 15(5), 76-80. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2023_5_76
Copied!
Vancouver Style
Akmenteva, Т., Uzakbaev, К., Gagloeva, N.. RESULTS OF TREATMENT OF CHILDREN WITH ESOPHAGEAL ATRESIA ACCORDING TO THE DATA OF THE CLINIC OF THE NATIONAL CENTER FOR MATERNAL AND CHILD HEALTH CARE. Eurasian Health J. 2023;15(5):76-80. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2023_5_76
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар