Аннотация
Макала балдардагы бронхиалдык астмада неконвенциондук факторлордун дарылоого берилгендикке, ооруну көзөмөлдөө деңгээлине жана жашоо сапатына тийгизген таасирин изилдөөгө арналган. Изилдөөнүн максаты тынчсыздануу деңгээлинин, ооруу тууралуу маалымдуулуктун, үй-бүлөлүк жана турмуштук шарттардын бронхиалдык астмасы бар өспүрүмдөрдө базистик терапиянын натыйжалуулугуна тийгизген таасирин аныктоо болгон. Изилдөөгө 13–17 жаштагы 147 бала жана алардын энелери киргизилген. Баалоо үчүн кырдаалдык жана инсандык тынчсыздануу, жашоо сапаты, ооруну көзөмөлдөө деңгээли жана дарылоого берилгендик боюнча орус тилдүү сурамжылоолор, ошондой эле бронхиалдык астма жөнүндө билим деңгээлин аныктоого багытталган автордук анкета колдонулган. Изилдөөнүн жүрүшүндө баланын жана эненин жогорку деңгээлдеги инсандык жана кырдаалдык тынчсыздануусу, ошондой эле ооруу тууралуу жетишсиз маалымдуулугу базистик дарылоого берилгендиктин төмөн болушу менен байланышары аныкталган. Бул көрүнүш ооруну талаптагыдай көзөмөлдөөгө тоскоол болуп, оорулуу баланын жашоо сапатын төмөндөтөрү көрсөтүлгөн. Ошондой эле үй-бүлөдөгү пассивдүү тамеки тартуу жана канааттандырарлык эмес турак жай шарттары, анын ичинде баланын өзүнчө бөлмөсүнүн жоктугу, ыңгайсыз турак жай жана аллергендик турмуш чөйрөсү бронхиалдык астманы көзөмөлдөө деңгээлине терс таасир этери далилденген. Үй-бүлөнүн маалымдуулугун жогорулатуу, өзгөртүүгө мүмкүн болгон терс факторлорду азайтуу жана турмуш шарттарын жакшыртуу балдардагы бронхиалдык астманы натыйжалуу көзөмөлдөөнүн жана жашоо сапатын көтөрүүнүн маанилүү шарты экени белгиленген.
Негизги сөздөр
бронхиалдык астма, тынчсыздануу, дарылоого берилгендик, ооруну көзөмөлдөө, жашоо сапаты, социалдык факторлорЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар