Том 16, № 1, 2024 / Барактар 72-79

Кыргызстанда АИВтин парентералдык жана жыныстык жол менен берилишинин маанисине эпидемиологиялык баа берүү

Кабыл алынган убакыт 12.09.2023
Түзөтүлгөн 08.02.2024
Кабыл алынган 22.03.2024

Аннотация

Изилдөөнүн максаты Кыргызстанда АИВтин парентералдык жана жыныстык жол менен берилишинин маанисине эпидемиологиялык баа берүү болгон. Материалдар жана ыкмасы. Талдоо жүргүзүү үчүн КР ССМ кан менен жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордун АИВ учуруна көзөмөлдүн электрондук тутумунун маалыматтары колдонулду. Натыйжасы жана талкуу. АИВ-инфекциясынын жугуу жолдорун ретроспективдүү талдоо көрсөткөндөй, акыркы жылдары жаңы учурлардын арасында инъекциялык баңги затын колдонуучулар эмес, жыныстык катнаш аркылуу жуккан адамдар көбүрөөк катталат. АИВтин жаңы учурларын каттоо көбөйүүдө. АИВтин жаңы учурларынын эң көп саны 2018-жылы катталган (818 учур же 100 000 калкка 12,8). Белгилүү өсүш тенденциясы жыл сайын өсүү темпи менен баңги заттарын ийне аркылуу колдонбогон АИВ менен жабыркаган адамдардын каттоосу менен байланыштуу (Тприроста= +9,8 %). Ал эми баңги заттарын ийне аркылуу колдонуучу АИВ менен жабыркаган адамдардын жаңы учурларын каттоонун төмөндөө тенденциясын көрсөтүүдө (Тснижения= - 5,8 % в год). Негизинен  БЗИАК эркектер болгондуктан, 2014-жылга оорунун жыныстык жол менен жугуусуна краганда  парентералдык жол менен жугуу басымдуулук кылган. Бирок, 2015-жылдан баштап эркектерде АИВ-инфекциясын кан аркылуу жугузуп алуусу 45%дан 3%га чейин төмөндөгөн (2022 г). Республикада АИВ-инфекциясынын эпидемиясына байкоо жүргүзүүнүн бардык мезгилинде баңги затын ийне аркылуу колдонгон аялдарда да жыныстык жол менен жугуу басымдуулук кылганына карабастан, акыркы жылдары парентералдык жугуу жолдун үлүшү да азайган. Алардын басымдуу бөлүгү 18-49 жаштагы активдүү репродуктивдүү куракта экени кырдаалды курчутат. Жыйынтыгы. Жаштардын аярлуу топко же жалпы калкка кирээрине крабастан, аларга алдын алуу программаларынын артыкчылыктуулугун кайра карап чыгуу керек

Негизги сөздөр

АИВ; БЗИАК; АИВмЖА; кан аркылуу жугуу жолу; жыныстык жолу аркылуу жугуу

Цитаталоо

APA Style
Baiyzbekova, D., Isakova, A., Kubatova, A., Ismailova, A. & Karagulova, A. (2024). Epidemiological evaluation of the significance of parenteral and sexual transmission of HIV in Kyrgyzstan. Eurasian Health Journal, 16(1), 72-79. https://doi.org/10.54890/EHJ-2024-1-72
Copied!
Vancouver Style
Baiyzbekova, D., Isakova, A., Kubatova, A., Ismailova, A., Karagulova, A.. Epidemiological evaluation of the significance of parenteral and sexual transmission of HIV in Kyrgyzstan. Eurasian Health J. 2024;16(1):72-9. https://doi.org/10.54890/EHJ-2024-1-72
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар