Аннотация
Коронавирус инфекция пандемиясы ооруунун санынын өсүшү, өлүмдүн жогорку деңгээли жана социалдык-экономикалык кыйроо менен мүнөздөлдү. Вирустун чыгышы биринчи жолу 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында катталган. 2020-жылдын 30-январында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эпидемияны эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жана 11-мартта пандемия деп жарыялаган. Дүйнө жүзү боюнча 770 миллиондон ашык учур катталып, 6.9 миллиондон ашуун адам өлүмү тастыкталып COVID-19 пандемиясы тарыхтагы эң өлүмгө учурагандардын бири болуп калды. Макалада Бишкек шаарындагы коронавирус инфекциясынын эпидемиологиялык өзгөчөлүктөрү талкууланды. 2020-2022-жылдардагы эпидемия мезгилиндеги оорулардын динамикасы, жаш курагы жана контингенттер боюнча таралышы, очоктук таралуусу келтирилген. Ошондой эле коронавирус инфекциясынын Бишкек шаарындагы жугуштуу ооруларды каттоого тийгизген таасири боюнча маалымат берилди
Негизги сөздөр
коронавирустук инфекция; сезондук; курактык бөлүштүрүү; инфекциялык оорулардын структурасы; очоктук таралууЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар