Том 16, № 1, 2024 / Барактар 117-124

Кыргыздардын тамак маданиятынын жана улуттук ашканасынын өзгөчөлөрү (адабияттарга сереп)

Кабыл алынган убакыт 11.10.2023
Түзөтүлгөн 15.02.2024
Кабыл алынган 22.03.2024

Аннотация

Тамактануунун улуттук каада-салттары, айрыкча азык-түлүк топтомунун структурасы башка улуттардыкынан алынууга, сырттан таасир этүүгө, жаңыланууларга оңой шарттар түзүлөт. Ошондуктан бул иштин максаты улуттук, ырым-жырым, жаратылыш- климаттык жана башка шарттарды эске алуу менен кыргыздардын тамак-аш маданиятынын тарыхый калыптанган салттарын изилдөө болгон. Сереп макалада кыргыздардын тамак-аш жана азык-түлүк топтомунун өзгөчөлүгү жөнүндө көптөгөн окумуштуулардын кыскача тарыхый маалыматтары берилген. Кыргыз ашканасынын негизин ун, сүт жана эт тамактары түзгөн. Орус-украин калкынын таасири астында Ысык-Көл регионунун жашоочуларынын тамак-аш системасына куурдак, борщ, манты, картошка тамактары жана үй канаттууларынын этинен жасалган тамактар кирген. Ош облусунун тургундарынын суткалык рационуна негизинен кыргыз жана өзбек салттуу тамак-аш системасына мүнөздүү тамактар кирген. Бул эттен жасалган түрдүү тамактар - шорпо, палоо, кесме, лагман, манты, оромо, мастава ж.б. Ошол эле учурда Нарын регионунун калкынын рационунда кесме, гүлчатай, беш бармак кошулган эт тамактары басымдуулук кылып, жана шорпо, лагман, манты, оромо кеңири таралган. Макалада салттуу кыргыз тамак-ашына ун, сүт, эт тамактары жана дан өсүмдүктөрү кошулган тамактар мүнөздүү экенин көрсөткөн адабий анализдин негизинде изилдөөнүн жыйынтыктары берилген

Негизги сөздөр

улуттук тамак-аш салттары; улуттук тамак-аштар жана буюмдар; тамак-аш системасы; тамак-аш маданияты; улуттук ашкана

Цитаталоо

APA Style
Kochkorova, F., Esenamanova, M. & Somkulova, E. (2024). Peculiarities of the food culture and national cuisine of the Kyrgyz people (literature review). Eurasian Health Journal, 16(1), 117-124. https://doi.org/10.54890/EHJ-2024-1-117
Copied!
Vancouver Style
Kochkorova, F., Esenamanova, M., Somkulova, E.. Peculiarities of the food culture and national cuisine of the Kyrgyz people (literature review). Eurasian Health J. 2024;16(1):117-24. https://doi.org/10.54890/EHJ-2024-1-117
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар