Том 16, № 1, 2024 / Барактар 137-145

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун калкынын арасында эхинококкоз оорулаpы менен жабыркашына жана жүрүм-турум тобокелдик факторлоруна баа берүү

Аннотация

Бул макалада Кыргыз Республикасындагы (КР) Ош облусунун 7 районунун калкынын (8823 адам) арасында эхинококкоз ооруларынын деңгээлин аныктоо максатында каралуучу спецификалык антителолордун бар-жоктугунун, сурамжылоонун, ультра үн (УЗИ) жана иммуноферменттик анализдин (ИФА) изилдөөлөрүнүн жана жүрүм-турумдук тобокелдик факторлорунун жыйынтыктары талкууланат. ИФАнын жыйынтыгы боюнча 12,0 ± 0,3% (1060) жана УЗИде 8,0 ± 0,4% оң (703) жыйынтыктар алынды. Көбүрөөк альвеококкоз оорусу УЗИ менен да – 334 ± 0,3% (3,78%), ИФА менен да 74,3 ± 0,4% (788) аныкталган. Эң эндемикалык аймак бул Алай району болуп чыкты, анда текшерилген 1535 адамдардын ичинен оорулууларынын деңгээли – 50,2 ± 0,9%ды (771) түздү, тобокелдүүлүк тобуна 14 жашка чейинки балдар да кирген – 74,3 ± 0,4% (788). Эхинококкоздун очокторунун пайда болушуна жана сакталышына: калктын үй жаныбарларын багуу эрежелеринин сакталбагандыгы, респонденттердин 83%ы иттерди ээн-эркин бош багуусу, 85%ы иттердин заңын тазалабоосу, чоңдордун 57%ы иттер менен байланышта болушу жана балдардын 63%ы алар менен ойногондугу эсептелет. Респонденттердин 49%ы гана ветеринардын кызматка кайрылат жана төмөнкүдөй иттерди мите курттан арылуу иш-чараларын жүргүзүшөт: 70%ы жылына бир жолу, 20%ы жылына 2, 3 жана сейрек болсо 4 жолу гана жасашат

Негизги сөздөр

УЗИ; ИФА; эхинококк; альвеококк; инвазия; сурамжылоо; кальцинат

Цитаталоо

APA Style
Raimkulov, K., Toigombaeva, V., Kuttubaev, O. & Mergenov, A. (2024). Assessment of echinococcosis invasion and behavioral risk factors among the population of Osh region of the Kyrgyz Republic. Eurasian Health Journal, 16(1), 137-145. https://doi.org/10.54890/EHJ-2024-1-137
Copied!
Vancouver Style
Raimkulov, K., Toigombaeva, V., Kuttubaev, O., Mergenov, A.. Assessment of echinococcosis invasion and behavioral risk factors among the population of Osh region of the Kyrgyz Republic. Eurasian Health J. 2024;16(1):137-45. https://doi.org/10.54890/EHJ-2024-1-137
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар