Аннотация
Актуалдуулук. Организмдин иммундук жана жүрөк-кан тамыр системасынын иштешинде, ошондой эле ар кандай физиологиялык процесстерде, анын ичинде клетканын өсүшүндө жана нерв-булчуң өткөрүмүндө D витамининин маанилүү ролу белгилүү. Организмде анын жетишсиздиги инфекциялык, жүрөк-кан тамыр, рак жана башка оорулардын пайда болуу коркунучун жаратат. Ушуга байланыштуу Д витамининин жетишсиздиги дүйнөдөгү, анын ичинде Кыргыз Республикасындагы коомдук саламаттыкты сактоонун актуалдуу көйгөйү болуп саналат. Изилдөөнүн максаты: Кыргыз Республикасынын калкынын ар кандай топторун мезгил боюнча витамин D менен камсыз кылуу деңгээлин изилдөө. Материалдар жана ыкмалар. Гемотест лабораториясы 2019-жылдын январынан 2023- жылдын августуна чейин Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарынан келген 6274 адамдардын организминин D витамини менен камсыздалышын изилдөөгө талдоо жүргүзгөн. Лабораториялык изилдөөлөр үчүн электрохемилюминесценттик иммуноанализ (ECLIA) ыкмасы колдонулган. Натыйжалары: Д витамининин (деңгээлинин) жынысы, жыл боюнча жана Кыргыз Республикасынын аймактары боюнча натыйжалары келтирилген. Корутундулар. Изилдөөнү талдоо көрсөткөндөй, бүткүл Кыргыз Республикасы боюнча суралгандардын 35,48%ы гана Д витамининин адекваттуу деңгээлине ээ. Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында), негизинен аялдар жана өспүрүмдөр көбүрөөк
Негизги сөздөр
D витамини; коомдук саламаттык сактоо; баалоо; жетишсиздик; жаш топтору; мезгилдер; Кыргыз РеспубликасыЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар